Menu

Футболдон Европа Лигасы: Бүгүн «Челси» менен «Арсенал» финалда беттешет

Бөлүшүү:

Бүгүн 29-майдан 30-майга оогон түнү Азербайжандын борбору Баку шаарында 2018-2019-жылдардын футбол сезонунун жыйынтыктары боюнча Европа Лигасынын финалдык таймашуулары өтөт. Бакудагы Олимпиадалык стадиондо Англиянын таанымал командалары «Челси» менен «Арсенал» баш байге үчүн күч сынашат. Беттешүү бишкек убактысы боюнча саат 01:00 башталат. Мелдешти италиялык калыс Джанлукка Роккинин тобу тейлейт. Баш байгени уткан командага алтын медаль, Кубоктон сырткары 2019-2020-жылдардагы Чемпиондор Лигасынын тайпалык оюндарына катышууга жолдомо да ыйгарылат.

Лондондун «Челси» командасы Англиянын чемпионатында үчүнчү орунду ээлеп, Чемпиондор Лигасынын кезектеги оюндарына жолун ачкан. Ал эми “Арсенал” клубу Англиянын чемпионатында бешинчи орун менен чектелген. «Арсеналдын” башкы устаты Унаи Эмеринин шакирттери Европа Лигасын утса гана Чемпиондор Лигасына катышууга укук алышат. Эгерде финалда “Челси” жеңишке жетишсе анда Чемпиондор Лигасына Франция чемпионатынын коло байге ээси «Лион» клубуна жолдомо ыйгарылып калмакчы. Ошондой эле Европа Лигасынын жеңүүчүсү 14-августта Европанын Суперкубогу үчүн беттешмекчи. Алардын атаандаштары Чемпиондор Лигасынын баш байге үчүн таймаша турган «Ливерпуль» менен «Тоттенхэм» командаларынын бири болмокчу. Орусиялык олигарх Роман Абрамовичтин “Челси” клубу 2013-жылы Европа Лигасынын баш байгесин уткан. 2012-жылы Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү болгон. Ал эми “Арсенал” клубу канчалык аракет кылганы менен Европа Лигасын уталбай жүрөт. 2006-жылы гана Чемпиондор лигасынын финалдында ойноп, жеңилүү ызасын тартып
калышкан.

Ошентип, кыргызстандык футбол күйөрмандары үчүн уйкусуз түн алдыда турат. Сиз кайсы команда жеңишке жетет деп ойлойсуз? “Челсиби?” же “Арсеналбы?” Кана сиз кайсы командага күйөрмансыз?

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: