Бишкек мэри Азис Суракматовдун буйругу менен “Шаар парктары” ишканасына башчы болгон активист Калича Умуралиева борбордо бар деп эсептелген 12 парктын көбүн таппай жатканын айтты. Ал бул туурасында: «Шаарга тиешелүү 12 паркты таппай жатам, беш-алтоо гана белгилүү, калганы кайда? Баарын интервенция жасап, жаңы мыйзамдар менен парктарды өкмөттөн шаар менчигине алышыбыз керек! Маданият министрлиги парктарды башкара албайт. Ар бир районго парктар үчүн 30 млн. сомдон бөлүнөт экен, ал акчаларды мен көрбөй жатам» – деп жазды ал биринчи иш күнүнүн соңунда. Умуралиева буга чейин «Биздин укук» уюмун жетектеп, шаардын жашыл зонасын коргоо боюнча иш алып барчу.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ