Menu

“Азаттык” радиосунда “Айтматовдун элдеги элеси” китебинин бет ачаары болду

Бөлүшүү:

«Азаттык» радиосу “Айтматовдун элдеги элеси” аттуу эскерүүлөр жыйнагын чыгарды. Жыйнакка залкар жазуучу Чыгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата  “Мен билген Айтматов” аттуу “Азаттык” жарыялаган конкурска келип түшкөн эскерүүлөр кирди. Конкурс залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу калың элдин катмарында катылып жаткан эскерүүлөрдү таап, коомчулукка жеткирүү максатын көздөгөн. Бир жыл ичинде конкурска залкар замандашыбыздын бейнесине жаңы сүртүмдөрдү, чыгармаларынын, каармандарынын жаңы өңүттөрүн ачкан жүздөн ашык макалалар, блогдор, сүрөттөр, архивдик документтер, видеолор келип түштү.

“Азаттык” “Айтматовдун элдеги элеси” китебин даанышман жазуучу мураска калтырып кеткен баалуулуктарды жайылтууга салым кошуу максатында чыгарды. Бул китеп дүйнөлүк жазуучуну аздектеген замандаштарга, адабият сүйүүчүлөргө, айтматов таануучуларга, студенттерге, окуучуларга арналат.

“Айтматовдун элдеги элеси” – “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан төртүнчү китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган  “Азаттык жана демократиянын жарчысы”, “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” китептери жарык көргөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: