Menu

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” партиясынын лидери: “Раим Матраимов мыйзамды бузса, жазаланууга тийиш, бирок “Азаттыкка” окшоп жалган, жасалма документ жасабаш керек”

Бөлүшүү:

– Камчыбек Кыдыршаевич, Раим Матраимов боюнча ар кандай кептер жүрүүдө. Ага жакында эки башка маалымат каражатынын бир теманын алкагындагы эки башка жыйынтыктагы иликтөөсү да от чачкандай болду. Сиздин оюңузча, чындык кайсы тарапта?

– Кечээги Р.Матраимов боюнча чыккан “5-каналдагы” маалыматтан кийин мен да өз оюмду билдирүүнү чечтим. Себеби, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ушуга чейин “Азаттыкта” Али Токтакуновдун материалы чыккан. Эми эмне болду? «Азаттыкка» чыккан материалдын жарымынан көбү жасалма экен. Ким жооп берет? Эмне үчүн эл-журттун башын айландырып, жалган материалдарды даярдап, каралоону максат кылган аракеттер жазасыз калышы керек?

Мисалы, жакында эле Сабырбек Жумабеков Раимдин жакшылыктары жөнүндө айтса, ушул эле журналисттер ал кишини “эмнеге антип айтасың?”- деп жаман көрүштү. Сөз келгенде айтып коеюн, Сабырбек Артисбекович өзү көргөн, өзү билген чындыкты айтып жатат. Раимдин жакшылыгы, адамгерчилиги, элге болгон кайрымдуулук иштери санап бүткүс, “калк айтса калп айтпайт” дегендей эл менен иштеп, эл менен жашап келе жатат. Эми мени да даярдалган “фейк-мейк”, дежур адамдар аркылуу жамандоого өтөсүңөр. Мен аныңардан коркпоймун, өзүм көргөн, өзүм билген чындыкты айтып коюу парзым деп эсептеймин.

– Демек, сиз Матраимовдорду ак жерден караланып жатат деп эсептейсизби?

– Эгерде Раимдин кылган кылмышы же туура эмес иштери болсо мыйзамдын чегинде жазалоого эмнеге болбосун. “Азаттыктын” журналистине окшоп жалган документтерди жасалгалап убара болбостон, далилдүү документтер болсо, мамлекеттин мыйзамдарына ылайык чара көрүлүүгө тийиш. Далилдүү документтер Раимдин коомго келтирген зыянын көрсөтүп жатса, анда мен өзүм “мыйзам алдында жооп берсин” деп айтып чыгууга даярмын. Факты, документиңер, далилиңер барбы, бергиле, а эгер жок болсо, бир үй-бүлөнү курулай жаманатты кылуу акыйкаттыкка жатпайт.

Менин бирөөнү коргойун деген оюм жок, болгону коомубуздагы болуп жаткан окуяларга өз көз карашымды так билдирдим.

А.Сатындиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: