Menu

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер: “Атамбаевдин жоопко тартылышын каалайбыз”

Бөлүшүү:

– Азимбек Анаркулович, экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу демилгесин көтөргөн депутаттык комиссияга жогору жактан кимдир бирөө тапшырма берип жаткан жокпу? Коомчулукта: “депутаттык комиссия бирөөнүн тапшырмасын аткарып жатат” – деген маалыматтар күч ала баштады го?

– Негизи, Атамбаевди жоопко тартуу маселеси эбак эле коюлган. Бул маселе боюнча бир эмес, эки курултайдын чечими чыгып, талаптар коюлган. Бул жерде маселе Атамбаевди жоопко тартууда эмес, депутаттык комиссиянын туура эмес түзүлгөнүндө болуп жатат. Чынында Атамбаевдин мыйзамсыз иштерин, шумдуктуудай кылмыштарын элдин баары билет. Ал бийликти узурпациялап алып, авторитардык бийлигин орноткон. Мамлекетти жакындары жана шоопурлары менен башкарган. Бечара адамдарды куугунтуктаган. Ал үчүн жооп бериши керек. Бирок, депутаттык комиссия да мыйзамда жок нерселерди жол берип, жаңы Конституция ишке киргенине карабай Акаевдин мезгилиндеги сөөгү сөпөт болуп калган башмыйзам менен иш кылып жатышат. Айтайын дегеним, жаңы Конституция боюнча, Башкы прокуратура фактыларды иликтегенден кийин Жогорку Кеңешке келип, “кылмыш ишин козгогонго макулдук бергиле”- деп эле коюшу керек болчу. Бул жерде депутатык комиссия озунуп, мыйзамда жок нерселер менен алек боло баштаганы кандайдыр бир табышмактуу жагдайлар орун ала баштаганынан кабар берип жатат.

– Мисалы?

– Атамбаевде кол тийбестик жок болсо да, депутаттар жасалма кол тийбестик кылып, депутаттык комиссия “анын кол тийбестигин алабыз, анан жоопко тартабыз”- деп теңирден тескери иштерге жол беришти. Башкача айтканда, депутаттык комиссия кандайдыр бир деңгээлде жок нерсени бар кылып, Атамбаевге жардам бергендей иш менен алек болуп жатышат.

– Сиз айтып жаткан жасалма кол тийбестик качан жана кантип пайда болду?

– Конституциялык палата адвокат Нурбек Токтакуновдун кайрылуусу менен “экс-президенттин кол тийбестиги бар”- деген чечим чыгарган. Жогорку Кеңеш ошол чечимге таянып, Конституцияда жок нерсени жасашып, “экс-президенттин кол тийбестигин алыш керек” деген мыйзам чыгарды. Чынында Конституцияда азыркы президенттин да, мурунку президенттин да кол тийбестиги жок. Ага карабай Конституцияда жок нерсени жөнөкөй мыйзам аркылуу, жасалма жол менен жаратышты. Эми мен макул болбогон дагы бир жагдайга токтолоюн. Азыркы парламент аппак, жалгыз Атамбаев капкара эмес. Айтайын дегеним, Атамбаев 7 жыл бийликте отурган мезгилде узурпация иштерди жалгыз жасаган жок. Башкача айтканда, бардык нерсени парламенттин колдоосу менен, ошого ылайыктап жазылып келген мыйзамдар менен ишке ашырды. Ошон үчүн Бишкек ТЭЦке окшогон иштер ратификацияланып кетти. Кыскасы, депутаттар кылмыш кылууга кол кабыш кылып, өздөрү Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынбаган нерселерди ратификациялап беришти. Кыскасы, Атамбаев үрөй учурган кылмыштын баарын так ушул парламент, ошондой эле айрым депутаттардын түздөн-түз кийлигишүүсү менен ишке ашырышкан. Ошон үчүн, дагы кайталайм, баарына жалгыз Атамбаев күнөөлүү, парламент аппак эмес.

– Атамбаевге каршы чыкканга духтары жетпегени үчүн АКСтин мыйзамсыз түзүлгөнүн да айтышканга күчү жеткен эмеспи же анын башка да сыры барбы?

– Баарын билишсе да унчугушкан эмес. Айткандан кооптонушкан. АКСтин мыйзамсыз түзүлгөнүн Атамбаев кечээ жакында өткөргөн митингде гана мойнуна алды. Эми АКС тергеген иштердин баары мыйзамсыз болуп, кайра баштан каралышы керек. Бул парламент жалтак болгону үчүн Конституцияда жок болсо да, мыйзам менен тышкы саясатты аныктоону 2013-жылы Атамбаевге алып беришкен.

Кыскасы, азыр баатыр болуп жаткан депутаттар мына ушундай мыйзамсыз иштер орун алып жатса да, учурунда унчугушпай отурушкан. Атамбаевге баш ийбегендерди камаганда дагы үн чыгарышкан эмес. Таңгалыштуусу, кечээ үн чыгаралбай отурган депутаттар депутаттык комиссияга кирип алыптыр. Алардын көбү кылмыш иши ачылып же Атамбаевден куугунтук көргөндөр. Алар “бөрк ал десе, баш алган” иштерге жол берип жатышат.

Чынында биз курултайда “Атамбаевдин “баймын” деген сөзү үчүн комиссия түзүлсүн, миллиарддары иликтенсин”- дегенбиз. Анын курамына азыркыдай Атамбаевге таарынычы же кызыкчылыгы бар адамдарды эмес, көз карандысыз, кызыкдар эмес, нейтральный адамдар кирсин дегенбиз. Бирок, ал комиссияга чылкый кылмыш иши бар, кызыкдар же өч алууну максат кылгандар кирип алышканы чынын менен туура болбой калды. Анткени, сот болгондо деле Атамбаев “булардын кызыкчылыгы бар“ – деп айтат да.

– Ошондо Атамбаевдин жоопко тартылышын каалабай калдыңызбы?

– Атамбаевдин жоопко тартылышын каалайбыз. Бирок, мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылышына каршыбыз. Биз Атамбаевди “мыйзамсыз канча адамдарды жоопко тарттың!”- деп талап кылып алып, кайра өзүбүз аны мыйзамсыз жоопко тартуу аракетин баштаганыбыз болбойт да. Мен мыйзамдуулукту туу тутуп келген кишимин. Душманым болсо да, мыйзам алдында, мыйзам чегинде жоопко тартылышын каалайм. Ошондуктан каршы болуп жатам.

– Айтканыңызга ынаналы. Бирок, Атамбаевди камайбыз деп чамына башташты. Атамбаевди камаганда не өзгөрөт?

– Эч нерсе өзгөрбөйт. Өзгөрүш үчүн реформа жасап, “келген президент жакындары менен монстр болбосун” – деген системаны жок кылышыбыз керек. Жогорку Кеңеш, президент Атамбаев менен тирешти токтотуп, реформаны ишке ашырып, системаны алмаштыруунун аракетин көрүшү керек. Анткени, Атамбаев менен тирешкенден пайда чыкпайт. Бийлик эл алдында жыл сайын отчёт берип, баа алып турушу керек. Курултайдын мыйзамын кабыл алып, шайлоо системасын өзгөртүшү керек. Элдер партияны эмес, эл алдында жооп бере турган депутатты шайлашы керек. Ар кайсы ишке алагды болбой, мына ушундай пайдалуу иштерди жасашса жакшы болот эле.

– Бирок, айрым серепчилер “Атамбаев камалат, анан парламент таркайт” – деген ойлорүн ортого салып жатат го?

– Курултайда “күзгө чейин талаптарды аткарбаса, парламент тарашы керек” – деген маселени да койгонбуз. Анткени, бул парламент менен эч нерсе жасай албайсың. Атамбаев камалбаса деле бул парламент тарашы керек. Анткени, президент реформага барайын десе дагы, парламент реформа жасашын каалабай турат. Атамбаевди саткан кишилер Жээнбековду да сатат. Убагында булар Бакиев, Акевди да саткан. Чимкириктин көбү Атамбаевдики. Көбү ошонун макулдугу, ошонун жардамы менен депутат болушкан.

– Баса, чуулуу иштерден коомчулуктун көңүлүн алагды кылыш үчүн депутаттык комиссияны уюштуруп, Райым миллион менен Жээнбековдун кландык байланышын байкатпай калуу үчүн ушул жагдайды жаратып жатышат дегендер да бар. Ошол чынбы?

– Мен антип ойлобос элем. Райым Матраимов – Атамбаевдин солдаты. Ал Жээнбековго эмес, 7 жыл бою Атамбаевге кызмат кылган. Башкача айтканда, Жээнбеков менен бир да күн иштеген эмес. Эгерде ал кылмыш кылса, Жээнбеков менен эмес, Атамбаев, Кулматов, Илмиянов менен кылган.

Атамбаев аны жасалма жол менен өзүнөн качырып, Жээнбековго байлап койсо эле ишене бересиңерби. 2010-жылы “Райымды бошотуп, башканы коюп бергиле” – деп Жээнбеков суранган да дагы, Атамбаев аны бошотпой койгон. Шайлоодо жардам берсе бергендир. Аны Жээнбековдун суранычы менен эмес, Атамбаевдин жардам бер дегени үчүн берсе кеерк.

Азыр Атамбаев Райым Матраимов менен Жээнбековду бир жипке байлап алып, түндүк-түштүк деген картаны колдонгусу келип, элдин башын айлантып, улам бир нерсени айтып жатат.

– Неге Атамбаев Матраимовду, Илмияновду саткандай Кулматовду, Исаковду саткан жок?

– Анткени, алар андан да чоң коррупциялык иштерге аралашкан. Атамбаев кечээ сүйлөгөнүн бүгүн каршы чыгып жатат. Атамбаев Чолпон-Атадагы конференцияда Илмияновго тийишпегиле деп алып, бүгүн Илмиянов менен Матраимов ушундай иштерди кылып жүрүптүр. Мен билген эмесмин деп четке чыга баштады. Атамбаев убагында өзү тергөөчү, өзү сот, өзү УКМК, өзү монстр болуп жүрдү эле го. Мен билгени Атамбаев регионалдык маселени жаратыш үчүн ушундай тактиканы колдонуп жатат. Түндүктөн колдоо табыш үчүн Илмиянов, Матраимов, Жээнбековдорду байлап, “мен билбептирмин” деген саясатты жасалма жол менен ишке ашыра баштады.

Чынайым Кутманалиева

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: