Menu

Экмат Байбакпаев төрт жылдан бери биринчи мыйзамын жазды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байбакпаев төрт жылдан бери бир мыйзам долбоорун сунуштады. Бул жагынан караганда, «ачылыш кылды» десек жаңылышпайбыз.

Ал демилгелеген «КР салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламентгик угуу өттү. Байбакпаевдин мыйзам сыяктуу «немесин» түшүнүктүү тил менен айтсак, Кыргызстанда өңдүрүлгөн пиво продукцияларына акциздик марка киргизишибиз керек экен. «Ушул аркылуу контрабанда жолу менен сырттан кирип жаткан пиволорго чектөө киргизсек болот» деген логикага такады. Депутаттын атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдогондун ордуна аларга бут тоскон мыйзам долбоорун сунуштаганы кандай? «Акциздик марка киргизсек эле контрабанда кан буугандай токтойт» деп эч ким кепилдик бере албайт да. Акциздик марка кирген күндүн эртеси атамекендик өндүрүшчүлөр чыгарган сыра кымбаттайт. Пиво кымбаттаса элдин чөнтөгүнө күч келип, пивонун өтүмү төмөндөйт. Сатуунун көлөмү азайса, мамлекеттик казынага түшкөн салыктын көлөмү дагы түшөт. Ошондой эле акциздик марка бизде чыкпайт экен, аны башка өлкөдөн алып келүүгө арагасыз балобуз. Мындан улам Экмат Жүрүкбаевич, акциздик марка чыгаргандардын бизнесин жүргүзүү үчүн бул мыйзамды сунуштап жатканын баамдасак болобу?

Ошондой эле акциздик марка экономнка министрлиги да колдоду. Ыя айланайын, өндүрүшчүлөргө колдоо көргөзгөндүн ордуна аларды ар тараптан кысымга алып, улам бир тономой мыйзам чаптап атканыбыз кандай? Экмат Байбакпаевдин кыргызга күйгөнү ушулбу? Жүрүкбаевич кыйын экен!

Ал эми Жогорку Кеңеште бул тармакты тескеген экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого алып, жогорудагы мыйзам долбоору боюнча калыс пикирин карманып, мыйзамды комитеттен өткөрбөй артка кайтарса өндүрүшчүлөрдүн сообуна калмак…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: