Menu

Видео – Эсенбай Нурушев, “Азаттыктын” ардагери: ““Азаттыктын” иликтөөсүндө чын эле көп күмөндүү жерлери бар, жаңылып калдыңбы, кемчилик кеттиби аны моюнга алыш керек”

Бөлүшүү:

“Мен “Азаттыктын” “Миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн да, андан кийинки Элнура Алканованын ага жасаган иликтөөсүн да карап көрдүм. “Азаттык” иликтөө жүргүзсө анын артынан Элнура эмнеге иликтөө жүргүзөт?” деп жатышпайбы, Элнуранын иликтөөгө акысы бар. Эч жерде ага тыюу салынган эмес. Бул илимде да чекинг принциби деп аталат, чекинг деген – бул текшерүү. Фактчекинг деп айтылып жатпайбы, ошентип эле текшерип көрөт”, – деп билдирди 18-июнда 5-каналдын “Ой бүгүн” берүүсүндө публицист, “Азаттык” радиосунун ардагер журналисттеринин бири Эсенбай Нурушев.

“Өзүн сыйлаган окурман ким айтпасын, ким жазбасын, ошол фактыларды, маалыматты окуганда кичине анализдеп көрөт да. “Мобу жери негедир ишенимдүү эмес, андай-мындай” деп ой жүгүртөт да. Иликтөөгө иликтөө жасоонун эч кандай айыбы жок. Дүйнөлүк практикада деле бар, мисалы “Нью-Йорк таймс” жазган маселени “Вашингтон пост” же “Файненшл таймс” иликтеген учурлар көп эле болгон. Андыктан ал жагынан Элнура Алкановага айып койгонго болбойт. “Мен айтып жатсам, бул менин үстүмөн дагы эмнеге иликтөө жүргүзөт?” деген да болбойт. Журналисттин ишине журналист өз оюн айтыш керек. Иликтөөдө ынандырбай жаткан жерлери болсо бул жери ынандырбай жатат деп айтканга журналисттин да укугу бар. Мен эки иликтөөнү да салыштырып көрдүм, биринчи “Азаттыктын” иликтөөсүндө чын эле көп жерлеринде күмөндүү жерлери бар, мисалы, алгач мен ойлопмун, $700 млн бир транш менен которулуп кеткен экен деп. Көрсө бир нече жылда турбайбы, 7 жылда экен, соодагерлер 7 жыл ичинде Кытайга, башка жактарга, Европага миллиондоп каттап жатышат да.  Андай сумма болуп калышы мүмкүн да. “Азаттыктын” иликтөөсүндө  $700 миллиондун баарын Матраимовдор чыгарып кетти деп тикелей айткан сөз жок. Ал $700 миллиондун баарын кытай жараны Саймати чыгарыптыр. Бул иликтөөдө эң биринчи маселе ошол Сайматиге жетиш керек болчу, ошол кишиге, ал ким болбосун, иликтөөдөгү бардык маалыматтар ошол кишиге барып такалып жатпайбы. Ошону табыш керек болчу, анан “мына, бул акчанын баары сенин атың менен которулуптур, сеникиби, кимдин акчасы?” деп сураш керек эле. Эгер аны таба албай коюшса, анда ал маалыматты элге жарыя кылганга ашыкпаш керек. Бул иликтөө деген Марк Твенден башталган, ал учурунда иликтөө жазып, ошондон бери келатат. Марк Твен иликтөө боюнча эки нерсени айткан, биринчиси, ким сага маалымат берсе биринчи кезекте иликтөөнү ошонун өзүнөн башташ керек. “Эмне үчүн мага ушул маалыматты берип жатат, бул аркылуу эмнени көздөйт, эмне максаты бар?” депчи. Ошолорду иликтеш керек адегенде, “бул маалыматтарга ишенсе болобу же болбойбу” деп. Турмушта көп эле жолу көрдүк, бирөөлөр келет, далыга таптап “сенден башка чындыкты айта турган бир да журналист калбады, анан сага келдим” деп көп нерсени берет. Карасаң баары жайында турат, анан териштире келсең эле “бул ким өзү, эмне үчүн мага келди, эмне үчүн башкага барбайт?” деп эле териштире келсең, же бир “тоголок арызчы” болуп чыгат. Журналисттик иликтөөлөр боюнча көп китептер бар, анда чоң бир капкан жатат. Сага көп маалыматтарды алып келип берет, сен ага ишенип, шумдук турбайбы деп бир уруп салсам, “дүңк” эте түшөм го деп ойлоп, уруп жиберсең, акырында келип өзүң кармаласын. Ага маалымат берген кишилер жооп бербейт. Ким ошол фактыны жарыя кылса ошол жооп берет. Компроматтар согушунда журналисттердин колу менен чок кармагысы келгендер көп болот. Сен ал маалыматты текшеришиң керек, баарын тактап, таразалап анан чыгарышың керек, анте албадыңбы демек жооп бересин. Бардык жерде эле эреже ушундай. Бул талаш азыр өтө кычыктуу болуп калбадыбы. Кыргыздар айтат “Жесе да жебесе да бөрүнүн тумшугу кандуу” деп. Азыр эми “Раим Миллион” десең эле болду, аны текшереби-текшербейби, чынбы-чын эмеспи экенине карабай, туурасын тактап коёлучу дегениңе карабай сени ошол жака кошуп коё берет. “Оо бул да “Раим Миллиондон” алган турбайбы, муну да сатып алган экен” дей берет.  Коомдук пикир дегендин бир жаман жагы бар, ал жанагы жазда келген сел да… Батыштын фейк менен алектенген журналисттери айтып калышат “Эң башкысы мышык кайда секиргенин гана айтыш керек, калганын окурмандар өзү божомолдоп алат” деп. Менин оюмча Али Токтакунов деген бала бирөөнүн “заказын” аткарайын деп жазган жок,  журналисттер деле көп жаңылат, алтургай тажрыйбалуу журналисттер деле жаңылып калат. Болгону жаңылып калдыңбы, кемчилик кеттиби аны моюнга алып, “туура, мобул жери туура эмес болуп калыптыр” деп койгондон журналисттердин абройу, аптаракаты түшүп кетпейт. Бир эле мисал айтайын, 2010-жылы болгон Оштогу улут аралык жаңжалда Батыштын журналисттери келип, “Ошто этникалык тазалоо болуп жатат” деп жазып жиберишти. Ошонун ичинде “Азаттык” да ошентип айтып жиберди: “этникалык тазалоо болуп жатат” деп. Анан Франциядан келген бир журналисттер кечирим сурады, “биз туура эмес кылыппыз, шашылып туура эмес жазып жибериппиз” деп. Анан “Азаттыктын” ичинде да канча ызылдашып-кармашканбыз, антип айтканыбыз туура эмес болгон деп. Ошондуктан кечирим сурап койгондон “Азаттыктын” да журналисттин да кылы кыйшайып калбайт. Кайра тетирисинче ошол өзүнүн жоопкерчилигин сезген, акты ак, караны кара деп тааный билген адам экен деген гана аброю ашат. Антпесе мына азыр “Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновду Атамбаев жаздырган, маалыматты ошол берген дей беришет. Ал эми экинчи тарап аларга каршы сүйлөгөндөрдү Матраимов сатып алыптыр деп айтышат. Элдин оозун тыя албайсың, муну тыйыш үчүн бири-бири менен талашып-тартышпай… Элнура Адканова “эмнени жазсаң да фактыны текшерип туруп жаз” деп айтып жатат, бул иликтөөгө да тиешелүү, жазып жаткан кабарыңа да тиешелүү, баарына, дегеле журналист эмне дебесин, эмне айтпасын жаңжалдуу маселе болсо аны ар кайсы булактан текшерип туруп анан жазыш керек. Бул “Азаттыктын” өзүнүн уставында да бар, өзүнүн эрежелеринде да бар. Сөзсүз бир маалыматты эки булактан текшерип жазыш керек деген. Бул эреже дүйнө жүзүндө бар.  “Азаттык” силерге айтып жатпайбы, “эмне үчүн биз иликтеген нерсени силер кайра иликтейсиңер” деп, бул Матраимовдор темасы “Азаттыктын” менчигиндеги тема эмес, бир гана “Азаттык” айтсын, Али Токтакунов айтсын, башкалар унчукпасын дегендей. Ар кимдин укугу бар. Мен Алканованын принцибин колдойм, ким гана маалымат алып келип бербесин, алтургай пайгамбар алып келип берсе да сен журналист катары чыгарардан мурда текшеришиң керек. Баарын текшерип, өзүң жоопкерчилигин ала тургандай болуп анан элге жарыялаш керек. Анте албайсыңбы, иликтөө деген оор жанрга кирбей эле коюш керек. Анан да Алканованын дагы бир айтканын колдойм, журналисттик иликтөө дегенди баары эле айтып жатышат, каякты, кайсы ММКны караба журналисттик иликтөө деп эле жатышат. Бирок журналисттик иликтөө деген эмне, журналисттик иликтөөнүн кандай азабы, критерийлери, талаптары бар экенин эч кимиси билбейт. Ачыгын айтканда, кыргыз журналистикасында иликтөө деген эмне экенин так, ачык алып чыккан эч ким жок. Элнура Алканов деле айтып жатат “журналисттик иликтөө Кыргызстанда жаңы эле башталып жатат” деп…  Элнураны туура эле деп колдойм, мени да Матраимовдордон акча алып алды деши мүмкүн, ошон үчүн силер чакыргандар бул жерге келбей койду го. Мага койсо Матраимовдорду сковородкага салып кууруп жешсин, эгер күнөөсү болсо, чын эле ошентип жеп атса, талап атса жооп берсин. Бирок бизде бир жаман нерсе бар, коомдук пикир, анан жанагы социалдык тармактар, аларды таптакыр коомдук пикир деп эсептебеш керек. Америкалыктардын изилдөөлөрү боюнча социалдык тармактарда жалаң көк мээлер олтурат. Алар менен айтышып кереги жок дейт. Ал коомдук пикир эмес. Коомдук пикир деген эмне? Мен эске салып кетейин, 1937-жылдары Касым Тыныстанов баш болуп, Төрөкул Айтматов, бүт баарынын түбүнө ушул коомдук пикир жеткен. Ошол кездеги гезиттерди карап көрсөңөр, “баланча деген байдын тукуму, атылсын, камалсын” деп жазышкан. Анан ошолорду камашкан. Ат-Башылык бирөөнү эшек минип Японияга барыптыр, Япониянын тыңчысы экен деп жазып койсо, Ат-Башыдан кармап келип, Бишкекте ошол аргумент менен тергеген, коомдук пикир ушул. Бирөөнүн үстүнөн бирөөлөр жазышкан… Мындай учурларда коомдук пикир өтө катуу жаңылат. Коомдук пикирге таянганда ошонун ичинен тагын, туурасын, мына Элнура Алканова айтып жаткандай бир далилге, негизге таянган нерселерди гана алыш керек. Азыр айтылып жаткандай “бул тигилге сатылды, бул биякка сатылды” деген коомдук пикирби? Ошончолук эле кыйын болсо аты-жөнүн айтып, кармашам десең ачык чыгып, “мен сага макул эмесмин” деш керек да, антпейт. Анан ошонун баарын бизде жаңылышып, коомдук пикир дешет. Коомдук пикир деген баарындан мурда акылдуу болуш керек. АКШнын биринчи президенти Жорж Вашингтон айткан “коомдук пикирге таяныш керек, бирок ал коом билимдүү болсо эске алгыла” деп… “Матраимовдор ал акчаларды уурдабаса кайдан алган?” деп жатышпайбы, аны аныктай турган прокуратура, сот системасы деген бар, бул ошолордун жумушу. Бул журналистке бериле турган суроо эмес, журналист жанында турбаса, колунан кармап албаса кантип уурдады деп айтат. Азыр божомолду “эл айтып жатат” деп далил катары айтып калышпадыбы. Ал журналистикада далил эмес. $700 млн акчаны уурдап алды, жеп алды деп жатышпайбы, жанагы мен айткандай, Батыштын фейк маалыматтар менен алектенген журналисттеринин принциби –  “эң башкысы мышык кайда секиргенин гана айтыш керек, калганын окурмандар өзү божомолдоп алат” деп. Ар ким маалыматты уккандан кийин өзү каалагандай жыйынтык чыгарып ала берет. Бирок, чыныгы журналисттер андай жасабаш керек. Колуңда миң фактың турса дагы ошонун баарын текшерип чыгып, аныгына көзүң жеткенден кийин гана элге чыгарышың керек. Болбосо айтпашың керек. Бул окуяны журналисттердин колу менен чок кармагысы келгендердин оюнуна айлантпаш керек. Бирөө тууралу так эмес маалыматтарды коомго алып чыктыңбы жооп беришиң керек”, – деди белгилүү публицист Эсенбай Нурушев.

Булак: “Kyrgyztoday.kg

Видео: 5-канал

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: