Menu

Видео – Бакирдин Субанбеков, ЖКнын депутаты: “Чет элдиктер саламаттыкты сактоо, экономикалык маселелер менен алек болуп жатса, бизде жарандар бирөөлөрдүн сөзүнө киришип, митингге чыгып жатышат”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-марттагы парламенттин кезектеги жыйынында депутат Бакирдин Субанбеков ЖКнын трибунасына чыгып, 2-марттагы митинг тууралуу баяндама жасады.

“Митингдердин башы жакшы башталат, анан аягы башаламандык, тополоң менен бүткөнү абдан кейитет” – деди депутат.

Ал өзүнүн баяндамасында митингдеги башалмандыктарды үчүнчү күчтөр уюштуруп жатат деп эл айтып жатканын белгилеп өттү.

“Үчүнчү күчтөр ким деп суроо салып көрсөк? Үчүнчү күч деген биздин арабызда эле жүргөн жарандар. Албетте, сырттан финансылык жардам келиши мүмкүн. Бирок, сырттан келип, биздин ички саясатыбызга аралашып, жаман жолго түртө албайт” – деп билдирди депутат.

“Өлкөбүздө туруктуулук болбосо, тартип сакталбаса, ишмердүүлүк өнүкпөй, экономикалык өсүү болбойт. Бюджет толукталбаса, анда жолдорду, мектептерди салууга, мугалимдерге, дарыгерлерге айлыктарын берүүгө, пенсионерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеңилдиктерди жана жөлөк пулдарды берүүгө мүмкүн болбой калат” – деп кошумчалады эл өкүлү.

Бакирдин Субанбеков чет элдиктер саламаттыкты сактоо, экономикалык маселелер менен алек болуп жатса, биздин жарандар бирөөлөрдүн сөзүнө киришип, митингге чыгышып, жеке жактын мүлктөрүн талкалышып, чагымчылдардын көмөчүнө салым кошуп жатканын айтып өттү.

“Мындай башаламандыктардын кереги жок. Азыр эл турмуш-тиричилигин ойлоп турган мезгил. Бирок, кээ бирөөлөр өздөрүнүн жеке максаттарын элдин тынччылыганан жогору коюп, башалмандыктарды уюштуруп турушат. Ошолорго биздин балдарыбыз ээрчимей инструмент болуп калганы өкүндүрөт. Балдарыбызды бири-бири менен кагыштырган чагымчыл топтор бар десек жаңылышпайбыз” – деди депутат.

Депутат жарандар менен милиция кызматкерлерин кагылыштырбай, улуу муун элди тынчтыкка чакырыш керектигин айтты.

“Милицияны элге душман кылбайлы. Өзүңүздөр билгендей 2005-жылдан бери кыргыз милициясы эки револицияны башынан өткөрдү. Митингдерде элге аралашып, элдин коопсуздугун, мамлекеттин тынччылыгын сактап жүрүшөт. Чынын айтканда, милиция жетим баладай жалтаңдап, чечкиндүү чараларды көрө албай келет. Ошондуктан милициянын акыбалын түшүнүп, колдоп жүрүүңүздөрдү сурунам” – деди депутат.

Депутат мырза 2-марттагы митингде бири үйүнө кетип, бири тойго кеткенде, элдин коопсуздугун таң атканча милиция кызматкерлери кайтарганын белгиледи.

“Башыбыздан кечиргенибизди негиз кылып, көргөнүбүздү насаат кылып, балдарыбызды тыялы, туура жолго салып туралы. Аларды бирөөлөргө ээрчитип, элине кас кылдырбайлы. Эр жигит элдин камын көрөт дегендей, балдарыбызга эстетип, чыныгы мекенчил болууга, эли-жерине ак эмгек менен кызмат кылууга, өзүнүн абийирин, абройун сактоого үйрөтөлү жана талап кылалы” – деп билдирди депутат.

Депутат “Манас” эпосундагы:

Бөлүнбө, кыргыз бөлүнбө

Бөлүнсөң бөрү жеп кетет.

Бөлүнүп кетти кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет – деген ыр саптарын айтып, элди ынтымакка чакырды.

“Мамлекеттин бүтүндүлүгүн, элибиздин ынтымагын, биримдигин сактаганга баарыбыз жапа тырмак  бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы” – деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: