Экс-президент Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин артымда калбырым жок, апакаймын дегени социалдык түйүндөрдө хит болуп, Иманалиев ит болду. Дегенибиз эки ооз орусча сөздү акцентсиз айгайлай албаган Капашевич, Нарын, Аламүдүн дарыясындагы крокодилдердин баарын Таластагы Киров суу сактагычына качырды. Бул албетте тамаша. Иманалиевдин айтуусу боюнча эгер анын артын каза турган болсо, укук коргоо органдары эч нерсе таппай тургандыгын саймедирептир. Уккан кулагыбызга ишене албай турабыз. Бир эле мисал, Эркин-Тоо басмаканысынын айланасындагы иштерде Иманалиевдин кулагы чыгары шексиз. Мындай шек саноо ошол эле комиссиядагы Строковада да болду. Анын айтымында комиссиянын дарегине жаман кептер айтыла баштады. Жалаң артында калбыры калдырагандар чогулуп алды деп жатышат деген эле.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ