Menu

Милициялардын айлыгы көтөрүлөт

Бөлүшүү:

«Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзам долбоору күчүнө кирсе, кызмат өтөө учурунда жабыркагандарга акчалай жардам көрсөтүлөт. Колдоо көрсөтүү 3 топко бөлүнгөндүгүн Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, тийиштүү мыйзам долбоору кабыл алынса, 2020-жылдан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, кенже курамдагы кызматкерлердин маянасы 40%га чейин жогорулайт. Мындан сырткары, ИИМде кызмат өтөгөндүгү үчүн 30% кошулат. Демек, айлык акы 70%га чейин өсөт.

Ошону менен катар ардагерлердин пенсиясы да көтөрүлөт. Ал үчүн жалпы 2 млрд 700 млн. сомдой каражат керектелет. «Бизде пенсияга чыгуу мөөнөтү 20 жыл. Башкача айканда, укук коргоо тармагында 20 жыл иштеген кызматкер компенсация ала баштайт. Ал эми толук кандуу пенсия алуу үчүн зо жыл иштеши керек болот. Пенсияга чыгуу мыйзамы башка мыйзам менен жөнгө салынат», — дейт Асанов.

Анын билдиргенине таянсак, мыйзам президент Сооронбай Жээнбековдун укук коргоо органдарынын тутумун реформалуу боюнча чаралар жөнүңдө жарлыгын ишке ашыруу жана аталган органды реформалоонун алкагында иштелип чыккан.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: