Menu

Прокурордун өлүмү боюнча соттогулар мушташууда

Бөлүшүү:

Учурда Ош облустук сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча өтүп жаткан соттук териштирүү тараптардын кайым айтышуусу менен башталып, аягында чыр-чатак, мушташка айланып кетүүдө.

Өткөн жумада шектүүнүн “токмок жедик” деген жакындары экинчи тарапка каршы милицияга арыз жазышты.

17-июндагы сот отурумунда алгач жаңжал чыккан. Анда шектүүнүн жакындарынын бири Гүлсара Абдрашитова маркум прокурордун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов өзүн урганын айтып, Ош шаардык милициясына кайрылды.

Экинчи тарап муну “куру доомат” деп айтууда. Маркумдун бир тууганы Өскөнбай Мамажакыпов аялды урбаганын айтып, жакындары сотту создуктурууга аракет кылып жатышат деген пикирин билдирди.

17-июнда болгон соңку жараянда соттук отурумда кайым айтышуудан башталган жаңжал мушташка айланып баратканда судья отурумду токтотууга аргасыз болгон. Кылмыш боюнча элүүдөн ашуун күбө бар. Алардын көпчүлүгү буга чейин көрсөтмө беришкен. Негизги күбөлөр катары окуя болгон күнү маркум менен кошо аңчылыкка чыккан мурдагы прокуратура кызматкерлери көрсөтмө беришүүдө.

Бирок прокурордун өлүмүнө шектүү өзүнө тагылган айыптарды моюнга албай, аны ушундай кадамга барууга ошол аңчылыкка чогуу чыккандардын бири мажбурлагандыгын адвокаты аркылуу коомчулукка жарыялаган болчу. Айтор, прокурордун шектүү өлүмүнүн бети гана ачылбай, алардын артындагы тууган-уруктары да мушташууга чейин жетип, өздөрү соттошкону калды окшойт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: