Menu

Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата V Дүйнөлүк эпос фестивалы өз ишин баштады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-июнда Кыргыз Республикасында XX кылымдын алп манасчысы – Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата Эл аралык илимий практикалык симпозиум өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага Азербайжан, Армения, Австралия, Абхазия, Алтай, Индия, Түркия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия, Кытай, Франция, Тыва, Италия, Тажикстан, Латвия, Грузия, Уфа, Өбекстан жана Кыргызстандан өкүлдөр катышып жатат.
Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер- Нияз бүгүнкү күндөгү жер шаарында жашап жаткан бардык улуттардын тарыхый маданий мурастарын сактап калуу аракетинде болгон аракеттерин жумшап жаткандыгын, анын ичинде Кыргызстан бешинчи жолу эпосту алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирип Кыргызстанга чогултуп жаткандыгын сыймык менен белгиледи.

Ал эми, Маданият министри Азамат Жаманкулов: Бүгүнкү күндө кыргыз эли “Манас” эпосубуздун сакталып калышына көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу токтолуп өттү. Учурда Кыргызстанда “Манас” эпосун айтуучулар тамга тааныбай, ал гана турсун калем сап кармап жаза элек жаш улан кезинен манас айтып жаткандыгы менен сыймыктана алабыз. Ал Сиздерге белгилүү жаш манасчы “Үмөт” тууралуу айткым келет. Биз Кыргызстанда ушул маданиятты алып жүрүүчүлөрдү, илимий жактан изилдөөчү окумуштууларыбызга колдон келген шарттарды түзүп берүүбүз керек деп кошумчалады. Ал үчүн ушул сыяктуу симпозиумдардын өтүп туруусу абдан маанилүү деп билдирди.

Эске салсак, дүйнөлүк эпостор фестивалы долбоору Кыргызстанда 5 – жолу өтүп, жыл сайын аудиториясы кеңейип, козголуучу тема актуалдуу бойдон калып келет. Чет элден келген окумуштуулардын айтымында, манас айтуучулук өзгөчө бир адамга берилген талант жана аны сактап калуу, улантуу жана маданий мурас катары баалап жаткан аракет бүгүнкү өтүп жаткан симпозиум күбө деп билдиришти.

Маалымат катары билдирсек, симпозиум «Болмушту чагылдыра турган форма катары мифопоэтикалык жана эпикалык дүйнө элеси» темасында өтүп жатат. Симпозиум 2 күнгө уланат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алуу күтүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: