Menu

Видео – Каныбек Иманалиев, ЖК депутаты: “Атамбаев биринчи президенттин антын бузду, экинчи наркты бузду, эми калкты бузайын деди…”

Бөлүшүү:

—Урматтуу кесиптештер! Комиссиянын төрагасы болгондуктан, мага интернеттен көп суроолор болуп жатат. Сиздин жеке Атамбаев менен талаш-тартышыңыз барбы деп? таптакыр жок. Бирок экс-президенттин 3 проблемасы бар.

Биринчи- өзү түзгөн партиясы менен, экинчи – өзү баштап, жетекчи болуп анан өзү кол койгон 3 кодекс менен. Алар Кылмыш кодекси, Кылмыш-жаза кодекси жана Жосундар боюнча кодекси. Өзү кол койгон кодекстер өзүнүн кыймыл-аракетине туура келбеди.

Үчүнчү проблема – акыркы жети жылда сотторду дайындоону, сотторду иштен бошотууну, сотторду тандоону, ал тургай сотторго сөгүш берүүнү өзү чечкен жана соттор Реформасы бүтүп жатканда «дүйнөдө жок сот реформасын жасадык» – деп 30дай кишиге орден-медаль, наам жана грамота берген. Демек ал бүгүн кыргыз элине, кыргыз парламентине, Генералдык прокуратурага, Өкмөткө доо айта албайт. Доону өзүнө, өзү кол койгон Кодекстерге жана өзү дайындаган сотторго айтышы керек.

Сиздер айтып жатасыздар, Кылмыш кодексиинин 3-статьясы бузулду деп. Биз Кылмыш кодекси менен жашаганыбызга 90 эле жыл болду. Эң негизгиси эл ант менен жашаган. Мен КР Президентинин антын окуп берейин.

«Мен КР Президентинин кызматына киришип жатып, Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укутарын адилеттүү ишке ашырууга, адилеттүү ишке аштыбы? адамдын жана жарандын укуктарын коргоого, коргогон жок го, оппозицияны кордоду го? Кыргыз Республикасынын Конституциясын так аткарууга, конституцияны бузуп, 2016-жылы конституция кабыл алды го?, элибиздин жана мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоого, Таластык туугандар жөнүндө эмне деди эле, Нарындык туугандар жөнүндө эмне деди эле?, элдин бүтүндүгү менен биримдигин камсыз кыла алдыбы? Конституцияда жети нерсеге ант берсе, алтоосу бузулган. А кыргыз элинде антты бузгандарды эмне дейт? Кодекстин каргышы 10 жылдык болсо, анттын каргышы жүз жылдык.

Биринчи ант бузулду, экинчи нарк бузулду, шарт бузулду. 2016-жылдын 31-августунда 30 өлкөнүн элчиси турган жерде менин айтайын дегеним, наркты бузду. Шартты бузду, калкты бузайын деди. Сөзүмдүн аягында эгерде куранды бузса, Кудайдын жазасын тартат. Мыйзамды бузса соттун жазасын тартат. Антты бузса каргыштын жазасын тартат.

Урматтуу Чүйлүк туугандар! Кимде-ким Чүйдү бузуп кетем десе, Аламүдүндү бөлүп кетем десе, Арашанды бөлүп кетем десе, ал Кыргызстандын көзүн оюп алганга барабар. Ал түбөлүк каргышка калат.

Биз кечээ эле Жусуп Абдырахманов жөнүндө фильмди көрдүк. Ошол бүт өмүрүн сайып коюп ушул мамлекетти түзгөн. Элестетип көрүңүздөр Жусуп Абдырахманов эшиктин алдына таш төктүрүп алып, атчан балдарды алып келип алып, мамлекетти коргоп жатканын. Ошондуктан бүгүн баарынан эл, мамлекеттүүлүк жана мыйзам тарапта болушубуз керек!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: