Menu

Фото – Улуу Британиянын жаңы Элчиси Министр Чыңгыз Айдарбековго Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн тапшырды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кыргыз Республикасындагы жаңы Элчиси Чарльз Гаррет мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Ч.Гарреттин Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн тапшыруусу, учурдагы маселелерди жана эки тараптуу кызматташуунун келечегин, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулоо жолугушуунун негизги максаты болду.

Министр Ч.Айдарбеков өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча туруктуу диалогго кызыкдарлыгын баса белгиледи. Эки өлкөнүн ортосундагы учурдагы парламенттер аралык кызматташтыкты канааттануу менен баалады.

Ошондой эле Улуу Британиянын Кыргызстандагы Эл аралык өнүгүү боюнча министрлиги ишке ашырып жаткан долбоорлор келечекте улантылат жана кеңейтилет деген ишенич билдирилди.

Элчи Ч.Гаррет Кыргыз Республикасындагы демократиялык процесстерди жогору баалап, алардын алкагында өлкө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга, эркин жана укуктук коомчулукту, ошондой эле тиешелүү демократиялык институттарды түзүүдө ийгиликтерге жетишкенин белгиледи.

Жеке британиялык компаниялардын линиясы боюнча кызматташууну андан ары өнүктүрүүнү айтып жатып, Элчи Ч.Гаррет ушул жылдын март айында Бишкектеги бизнес-форумга катышкан жана Кыргызстанга келген компаниялардын өкүлдөрү инвестициялар үчүн сунушталган шарттардын, жагымдуу бизнес климаттын жогорку деңгээлине жана жогорку максаттарга жетүүдө Кыргызстандын адам ресурстарынын даярдык деңгээлине ыраазы болгонун өзгөчө белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: