Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектин борборунда Нигериянын жаранын сабаган күнөөлүүнү табууну тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкек шаарынын борборунда Нигерия жаранын сабаган күнөөлүүнү кыска мөөнөттө табууну тапшырды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчысынын тапшырмасы боюнча шашылыш түрдө чуулуу окуяга тиешеси бар күнөөлүүнү тез арада кармоого оперативдүү иш-чараларды жүргүзүп  жана мыйзам жоопкерчилигине тартууга тийиш.

Ошол эле учурда Мухаммедкалый Абылгазиев туристтик сезондун башталышында  коомдук жайларда тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде туристтик милициянын иштерин күчтөндүрүүнү тапшырган.

Мындан сырткары, жабыр тарткан Нигерия жаранын ден соолугун өзгөчө көзөмөлгө алып, медициналык жардам көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Саламааттык сактоо министрлигине буйруду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: