“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди: “Сиз тарыхта калчу иш жасадыңыз, сиз бизди бышырдыңыз” -деп агылып-төгүлүп, аябай жагалданганы элдин эсинен чыга элек. Ошондон кийин “кошоматчынын эмблемасы” деген атка ээ болгон. Бүгүн болсо “Атамбаев таш төгүп, үйүнө чогултканы уят. Жаштар митингге чыкпагыла. Провокация болуп, артыңардан ок атылып, кан төгүлүп кетет” – дегенди айтып сайроодо. Элди, мамлекетти ойлогон сөздү айтымыш болуп, “артыңардан ок атылып кетиши мүмкүн” дегенди айтып куйтуланууда. Артынан окту ким атышы ыктымал? Чоң суроо? Мынча көзү ачыктык кылган соң, ким атышы мүмкүн экендигин ачыктап койсо болмок…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ