Menu

Министр Чыңгыз Айдарбеков ЖМК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун өкүлү менен жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ЖМК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун өкүлү Арлен Дезирди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташуусунун маселелери талкууланды.

Министр ЖМКлар, социалдык тармактар менен жигердүү иштөөнүн маанилүүлүгүн жана «фейк жаңылыктар» сыяктуу көрүнүштөргө каршы туруу боюнча тажрыйбаны жогорулатуу зарылчылыгын белгиледи. Тараптар «фактчекинг» институтунун ролун жана ЖМК өкүлдөрү, ошондой эле КР мамлекеттик органдарынын басма сөз кызматтарынын кызматкерлери үчүн семинарларды жана тренингдерди өткөрүүнүн натыйжалуулугун белгилешти.

А.Дезир Кыргызстандагы плюрализмдин жогорку деңгээлин баса белгилеп, сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин  камсыз кылуу боюнча ЕККУнун милдеттенмелерин Кыргызстан жактай тургандыгын жана олуттуу жетишкендиктердин бар экендигин белгиледи. ЕККУ Өкүлү «Чек арасыз репортерлор» Эл аралык уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстандын позициясынын жакшыргандыгын оң баалады, бул рейтинг боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 83-орунду ээлеп турат.

2019-жылдын 17-18-июлунда Бишкек шаарында өтө турган ЕККУнун «ЖМКлардын эркиндиги жана санариптик трансформация доорундагы плюрализм» аттуу Борбор-азиялык 21-медиа конференциясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген ЖМК эркиндиги маселелери боюнча ЕККУнун өкүлү А.Дезир аталган иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Маалымат үчүн: Бул конференциянын негизги темасы – санариптик трансформация шарттарында ЖМК эркиндиги жана плюрализм.  Жалпы улуттук деңгээлде жана ЕККУнун бардык регионунда ачык жана коопсуз интернет түзүү үчүн  шарттар, аз сандуу элдер үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана өзүн өзү жөнгө салуу ыкмалары сыяктуу маселелер талкууга киргизилет.

Конференция Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, ошондой эле Монголиядан мамлекеттик органдардан, жалпыга маалымдоо каражаттарынан, журналисттердин ассоциациясынан, жарандык коомдон жана илимий чөйрөлөрдөн көрсөтүлгөн 100дөн ашык катышуучуларды аталган маселе боюнча пикир жана алдыңкы тажрыйба менен  алмашуу үчүн чогултат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: