Menu

Асия Сасыкбаева, ЖКнын экс-депутаты: “Атамбаев бийлик кооптоно турган эбегейсиз күчтүү адам эмес, алсыз экенин көрсөтүп койду…”

Бөлүшүү:

– Асия эже, Роза Исаковна айтмакчы, Атамбаев акыркы аракеттери менен саясий бечелдигин көрсөтүп жатабы же өзүнүн ким экенин далилдөөнүн аракетин көрүп жатабы?

– Атамбаев саясий бечелдигин кечээ жакында эле көрсөткөн жок. Эсиңерде болсо президенттик кызматта отурганда деле өзүнүн ким экенин көрсөтүп, саясат жактан бечел экенин далилдеп, элин басмырлаган. Ошондой эле оппоненттерин камоого, саясаттан жок кылууну максат кылган. Ал турсун аны сындап жазган журналисттерди да сындыруу үчүн ойго, түшкө кирбеген ири суммада айып салган. Баарынан кызыгы, дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөн нерселерге жол берип, адвокаттарды да кысымга алып, бирин камоого, биринин мүлкүн тартып алууга аракет кылган. Мына ушундай коомду дүрбөткөн терс көрүнүштүн баары Атамбаевдин саясий бечелдигинин айынан орун алган десек болот.

– Атамбаев камалып калуудан корккон үчүн короосуна келген тарапташтарына таянып жатабы?

– Атамбаев коркок эмес, бирок түрмөдөн коркот окшойт. Балким, анын жабык жайдан корккон фобиясы бардыр. Ошон үчүн тарапташтарына таянып, Кой-Ташка штаб ачып, коргонууга аракет кылып, митинг өткөрүп, бийликке сес көрсөткөн нерселерди жасап жаткандыр. Туура түшүнгөн кишиге анын жасаган аракеттеринин баары өзүнүн катачылыктарын мойнуна алгысы келбегенин далилдеп жатат.

– Кол тийбестик макамы алынгандан кийин Атамбаевдин тарапташтары
көбөйдү, аны колдоого алгандар ачыкка чыга баштады десек болобу?

– Ал өткөргөн митингге, аны коргоо үчүн түзүлгөн штабга барып, Атамбаевдин акыбал жайын сурап жаткандар мүмкүн Атамбаевдин учурунда кызматынан жогорулашкандыр. Мүмкүн эбегейсиз жардамын көргөндүр. Мүмкүн алар Атамбаевдин доорунда саясий куугунтукка алынган, жок жерден камакка алынган 30дан ашык адамдан кабары жоктур. Мүмкүн кээ бирөөлөр “күчтүү оппозиция болуш керек” деген идея менен Атамбаевди колдоо иретинде барышкандыр. “Атамбаев күчтүү оппозиция боло алат”- деп чын дили менен кошулууну максат кылышкандыр. Балким, алар мамлекетте оппозиция жок болсо, мамлекет хандык системага өтүп кетиши мүмкүн деген ойдо болушкандыр. Кыскасы, мыкты президент болгон дешпесе да, аны түрдүү себеп менен колдоп жатышат го.

– Атамбаев бүгүн бийлик кооптоно турган күчкө ээби?

– Атамбаев убактылуу күчтөнүп жаткандыр. Бирок, ал акыркы мезгилдеги аракеттери менен бийлик қооптоно турган эбегейсиз күчтүү адам эмес, тескерисинче, алсыздыгын көрсөтүп койду. Анын негизги максаты – бийликке кооптуу жагдай жаратуу. Бирок, анын буга чейинки аракеттерин эстесек бийликти коркутуп жүрүп эле, өз позициясын унутуп, бийлик тарапка ыктап кеткени көз алдыңа тартылат. Мүмкүн бу сапар да ошол ыкмасын колдонгону жаткандыр. Балким, санаалаштарына таянып, бийликке сес көрсөтүүнү максат кылып жүрөт. Анын аракетин кандай бааласак да, “Атамбаевди бүгүн канча адам колдойт? деген да маселе бар. Анткени, ал бийликте турган мезгилинде көп адамды капа кылып, өйдүк, сөйдүк сөздөрү менен көптөрдүн назарына калган.

– Айрымдар “Атамбаевди камаш керек” дешет. Бирок, анын жактоочулары Атамбаевдин камалышына мыйзам жол бербесин айтып жатышат го?

– Атамбаевди камабай деле койсо болот. Анткени, аны камайт дегендин өзү элди дүрбөлөңгө салууда. Ал өзү пас деңгээлге түшүп, өзүнүн ким экенин дагы бир жолу көрсөтүп койду. Бийликтегилер тескерисинче кырдаалды курчуткан жагдайларды алдын алып, абалды жөнгө салышы керек.

– Бирок, айрымдар Атамбаев камалбаса адилеттик орнобой тургандай сүйлөп жатышат го?

– Атамбаев камалса эле адилеттик орноп кетпейт. Адилеттик качан соттук система оңолгондо орнойт. Прокуратура күч структураларында адамгерчилик орногондо, адамдарга түшүнүү менен мамиле жасаганды өздөштүргөндө орнойт. Башкача айтканда, коркутуп, үркүтүп түрмөгө камабай, күнөөсүн аныктоого аракет кылганда адилеттүүлүк орнойт. А бизде болсо элди коркутуп, үркүтүп эле түрмө камай бергенди адат кылып алышкан. Ошон үчүн кенедей мамлекет экенибизге карабай, түрмөнүн баары толуп калды. Бул чынында уят нерсе. Бир нерсеге шектелип камалган адамдардын 70 пайызы СИЗОдо жылдап жөн эле отурушканы да ачуу чындык. Маселен, Кулматовдун түрмөдө отурганына бир жыл болсо, анын ишин эми гана карай башташты. Мындай нерселер адамды далили жок камап алып, анан далил издегенден кабар берет. Эгер дал ушундай кадам менен кетсек, баш көтөргөн адамдардын баарын жоготуп, манкурт мамлекетке өтөбүз. Ойлонуп иштеген киши болбогон үчүн буйрукту аткарып, өзүбүздү өзүбүз камап, жок кылган саясатка жол берип жатабыз. Адилеттик үчүн айтып коёюн, бул жакшы симптом эмес.

Ошондой эле камакта отургандарга жетиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөйт. Тийиштүү медициналык жардамдын жоктугунан камактагылардын ден соолугуна анча маани берилбегенден 25 жаштагы жапжаш жигит жүрөгү ооруп каза болуп калды. Аида Жеңишбековнанын абалы да кубанаарлык эмес. Ал да медициналык жардамга муктаж. Бирок, аны кардиологияга дарылаттык дешкени менен калпыс айыктырууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканы өкүнүчтүү.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: