“Буйруса, шаршемби, 24-июлда Москвага учуп кетем. Кайсы жерден, эмне менен жана саат канчада учарымды чакырган тарап чечет”, – деп билдирди бүгүн, 22-июлда Алмаз Атамбаев Кой-Таштагы үйүнүн короосунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.
“Болгону эки-үч күнгө эле учам, анан кайтып келем. Келгенде мени камап коёт деп коркпойм. Кайтып келүүдөгү коопсуздук кепилдигин мени чакырган тарап чечет”, – деди Алмаз Атамбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ