“Alibaba” компаниясынын негиздөөчүсү, кытайлык миллиардер Жек Ма антимонополдук иликтөөнүн натыйжасында Alibaba акцияларынын кулашынан бир күндө 3,5 миллиард доллар жоготту.
Forbes Real-Time Rankings рейтингине ылайык, Манын байлыгы бейшемби күнү 57,3 миллиард долларды түзгөн. Басылманын маалыматтары боюнча, ал бир күндө 3,6 миллиард жоготкон.
“Алибабанын” Гонконг жана Нью-Йорктогу биржаларындагы акциялары антимонополдук иликтөө жүрүп жаткандыгы тууралуу кабардан кийин чоң жоготууга учурады. Гонконгдогу компаниянын акциялары 8,1% га, ал эми NASDAQда 13,3% га төмөндөгөн.
Кытайдын рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу башкы башкармалыгы “Aлибабага” карата иликтөө баштады. Компания өз кезегинде бийлик менен жигердүү кызматташууга даяр экендигин жана тергөө иштерине карабастан, кадимкидей иш алып барарын жарыялады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ