Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Парламентинин депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркешти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалы менен канааттануу билдирди жана Кыргызстан үчүн Түркия бир тууган жана дос өлкө экенин белгиледи.

Президент  2018-жылы Кыргызстан менен Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин 2014-жылдан бери өтпөй калган жыйыны өткөнүн эске салды.

Ал соода-экономикалык байланыштарды өркүндөтүү жана экономикадагы келечектүү багыттарды аныктоо зарыл экенин баса белгиледи.

Түркия Улуттук улуу жыйынын депутаты Йылдырым Тугрул Түркеш кабыл алуусу үчүн ыраазылык билдирди жана парламенттер аралык диалогду активдештирүү эки өлкө ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы таасир этерин белгиледи.

Йылдырым Тугрул Түркеш түрк тарап конструктивдүү диалог үчүн ар дайым ачык экенин баса белгиледи жана Кыргызстан менен Түркия ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары карай илгерилетүүгө даяр экенин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: