Menu

Фото – Кереметтүү эс алуучу жайды өзүбүздөн табабыз

Бөлүшүү:

Кыргызстан табигый жаратылыш ресурстарына бай. Табияттын кооздугу, суусунун тазалыгы жана дарылуулугу, сонун пляжы, туризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт. Ыңгайлуу релъефи, көлү жана суу сактагычтар, ошондой эле транспорттук магистралдын ыңгайлуулугу курорт, санаторий, эс алуу жайларынын курулушун шарттайт. Бизде көптөгөн эс алуучу, керемет жерлер бар.

Ысык-Көл Орто Азиянын бермети

Ысык-Көл эң чоң тоолуу туздуу көл, Ысык-Көлдү – «Кыргызстандын бермети» деп аташат. Көлдөгү суунун көлөмү -1738 чарчы км, суу бетинин аянты — 6236 чарчы км. Жээктеринин жалпы узундугу — 688 км. Көлдүн орточо тереңдиги 278 м, эң терең жери 668 м. Ысык-Көл түндүктөн түштүккө 58 кмге, ал эми батыштан чыгышка 182 кмге созулат. Ысык-Көл деңиз денгээлинен 1623 метр бийик жерде жайгашкан. Анын аянты 6124 чарчы километрди түзөт. Узундугу 182 километрге чейин жетет, туурасы 60 километрге барабар. Тереңдиги жагынан дүйнөдөгү Танганьика, Ньяса жана Байкал көлдөрүнөн кийинки төртүнчү орунда турат. Эң терең жери 700 метрдең да ашыгыраак. Ысык-Көлгө 80ден ашык агын суу келип кошулат.

Жаңгак токой Арсланбаб

Арсланбаб – деңиз деңгээлинен 1600м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб – бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири. Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган – бул баарынан мурда анын жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору. Жергиликтүү калк – бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен.

Сулайман-Тоо

Сулайман-Тоо – батыштан чыгышка карай суналып жаткан беш урчуктуу уютулган чулу таштай болгон касиеттүү тоо. Анын узундугу – 1140 м, туурасы -560 м. Бул тону байыртан эле касиеттүү, ыйык тоо деп эсептеп келишкен. Бул жөнүндө сакталып калган петроглифтер да күбө өтүп турат. Тоонун боорунда анын музейи курулган, XVI кылымга чейин тоону Бара-Кух, андан соң дээрлик XX кылымга дейре Тахты-Сулейман («Сулаймандын тактысы») деп аташкан. Сулайман- Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Тоонун чокусунда «Тахты Сулайман» мечити ошондой эле XVI кылымга таандык, жакында калыбына келтирилген «Рават-Абдуллахан» мечити – XVIII кылымдын эстейиги жана худжра имараты бар. Сулайман- Тоодо «Чаккатамар» жана «Тепе үңкүр» үңкүрлөрү бар. Сулайман- Тоону түндүгүнөн жана түштүгүнөн эки канал айланып өтөт.

Чатыр-Көл

Чатыр-Көлдүн — көркүнө чыгарган, баш аягына жетпей созулган Торугарт тоо кыркалары түштүктө созулса, анын түндүгүнүн Ат-Башы тоолорунун түгөнгүс кыркалары курчайт.

Андагы мөңгүлөрдөн эрип аккан мөлтүр тунук, кашка суулар жерден сызылып чыккан булак сууларына кошулуп, Чатыр-Көлгө тынымсыз куюп көлөмүн толтуруп турат.

Жалпысынан алганда көлгө 50дөн ашуун суулар куят. Чатыр-Көлдүн узундугу 23 туурасы 11 километрге созулуп, 170,62 чарчы км. Көгөргөн көлдүн күзгүдөй чагылган аймагын түзөт. Анын терендиги 7 метрден баштап 20 метрге жетет.

Ошондой эле кел жээгинде адамга жагымдуу минералдык суулары да көп Чатыр-Көл жапайы канатууларга да бай. Кышкысын катуу суукка байланыштуу көл бети 1 метрден ашуун калың муз менен капталып, май айларынын ичинде гана муздар ээрип көл бети ачылат.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: