Menu

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: “Өкмөт чече албаган маселени президент чечиши керек”

Бөлүшүү:

Бул сапар да Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен жердеги чек арада чыр чыгып, ал тургай ок атылып, элдер коопсуз жайга көчүрүлдү. Кайталанып бирок чечилбеген түйүндүү маселени чечүүгө ким киришүү керек деген максатта экс-депутат Камчыбек Ташиевге кайрылып, айрым суроолорго жооп алдык.

– Камчыбек мырза, чек арадагы чиеленишкен көйгөйлүү маселелерди чечүүдө бийлик кандай кадамдарга барышы керек?

– Негизи чек ара маселеси бардык эле мамлекеттерде бийликте отурган чоң жана майда чиновниктер тарабынан чечилип келген. Ошолордун аракети менен мамлекеттин пайдасына же коңшу мамлекеттердин же болбосо душмандардын пайдасына чечилет. Кыскасы, чек арадагы маселени чечүү чоң жана кичинекей чиновниктердин колунан келе турган жумуш. Эл байкуш чек арада чыр чыкканда, кырдаал, тиреш курчуганда ичинен, сыртынан жүрөгү менен күйөт. Эл жабыркаганына, кыйналганына карабай бийликтен мурун чек араны коргоп калууга аракет кылат. Биринчи сокку элге тиет. Баткен эли туруп берип жаткандан кийин бийлик ана-мына деп убакытты создуктурбай, бул маселени чиелеништирип, ого бетер татаалдаштырбай тезинен чечиши керек.

– Бирок айрым билермандар чек ара маселесин чечүү президенттин эмес, өкмөттүн функциясына кирет деп жатышат го? Биздин араң жан Өкмөт ошондой орчундуу маселени чечкенге кудурети жетеби?

– Өткөндө Ак-Сай менен Ворухта болгон чек ара чырынан кийин өкмөттүн вице-премьери барып үч күн отуруп, “Кыргыз-тажик протоколун түздүк” – деп келген. Ошондо эле биз ал протокол туура эмес түзүлүп калды. Мүчүлүштүктөргө жол берилди. Ал протокол биздин мамлекеттин, ошол эле чек арада жашаган элдин кызыкчылыгы менен дал келбей калды деп айтканбыз. Чынында андай маселе жаралганда вице-премьер министр үч күн эмес, 30 күн, керек болсо үч ай отурушу керек эле. Башкача айтканда, ошол маселе Кыргызстандын кызыкчылыгына чечилмейин келбей, ошол жерге казык болуп кагылышы керек болчу. Өкмөттүн өкүлү болсо үч күндө чече салдык деп, бул жакка чуркап келип доклад жасай койду. Ошондо маселе аягына чейин чечилбегени үчүн, протокол туура эмес түзүлгөнү үчүн чек арада дагы чыр чыгып, ок атылып, жарандарыбыз жаракат алды. Өкмөттүн туура эмес ишинин кесепетин эл тартты.

– Өкмөттүн аракетинен майнап чыкпагандан кийин бул маселени чечүүгө президенттин кийлигишүүсү керекпи?

– Кийлигиши керек. Анткени бүгүнкү сындан башы чыкпаган өкмөттү президент коргоп жатат. Депутаттар “чек ара маселесин өкмөт туура эмес чечти, отставкага кетсин” десе, президент өкмөттү колдоп бергиле деп депутаттарга кайрылган. Өкмөттү президент колдоп жаткандан кийин, өкмөт чече албаган маселени президент чечиши керек да. Президент мамлекеттин башчысы болгондон кийин бардык маселеге кийлигишүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, чек ара маселеси мамлекеттин бүтүндүгү, мамлекетте жашаган элдердин коопсуздугу болгон үчүн аны сактоо президенттин Конституциядагы түздөн-түз милдети болуп эсептелет. Өкмөт алсыз, мажүрөө болсо, бул маселени президент өзү чечүүгө киришиши керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: