Menu

Разаковго ыраазы эч ким жок, иши болсо “күйдүм чок”

Бөлүшүү:

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бири-бирине таш ыргыткан тараптардын жаңжалы арты атышууга чейин барды. Болгондо да, тажик тараптагылардын биздин чоңдорду көзгө илбей ок чыгарышканы кызык болду. Бул боюнча биздин тараптагылар тартипсиздик мыйзамдары боюнча бир да жолу үн каткан жок. Ал турсун абалдары начар экенин, ап-аптап араң калышканын деле айта алышпады. Антейин десең, чырды басууга барган вице-премьер министри Жеңиш Разаков, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдер чырды токтотпой эле элди козутуп алганга аз калды. Мейли жергиликтүү элдин жай турмушун ИИМ министри жакындан билбесин, губернатор Акрам Мадумаров менен Жеңиш Разаков билет да. Бирөөсү азыр иштеп жатат облусту башкарып, экинчиси иштеп кеткен. Ушуларды түк түшүнө албай келебиз. Элдин акыбалын көрүп туруп, сүйлөшүү жолу менен чече турган маселени ырбатып жиберейин деп аз калды. Разаковдун чабалдыгы дагы бир ирет далилденди. Буга чейин чыккан жаңжалда да Жеңиш Разаков “тажик тараптын агенти” деген кептер тарап, өкмөттүн чабал ишине депутаттар нааразы болушуп, ошол кезде деле Өкмөттү кетирүү, Разаковду текшерүү маселеси көтөрүлгөн болчу. Мындай аракеттер же шектенүүлөр эмнеден улам чыгышы мүмкүн эле? Албетте, Баткен облусундагы чек ара аймактар талаштуу жагдайлар болгону менен ал аймактарда эки тарапка өткөрүлүп турган контрабанданын жолдору турганын эч ким танбайт. Бул сөзсүз түрдө жогорку жактагылардын көзөмөлүндө болуп, мамлекеттин казынасын кампайтар акчалар алардын алкымдарына кириши мүмкүн. Ал гана эмес акыркы кездеги чек ара тилкелериндеги келишпестиктер кээ бир учурда ошол кызыкчылыктардын тирешинен да жанданып жатабы деген да ойлорго жетелей баштады. Айрым, ал тараптын активисттери тажик тарапка же ал жактан бери карай ар кандай товарларды ташууну токтото турууну, ошондо жаңжалдарга чек коюларын жазышып, аны кубаттагандар көп болду. Маанисинде алар, биз тараптан өткөн керектүү товарлар алардын тартыштыгына себепчи болот таризде болууда. Бирок, түпкүлүгүндө тажик чек арасындагы гүлдөгөн контрабанда изин токтотууну айтып жатпаганына кимиң кепил боло аласың? Мына ошол иштердин башында, бир топ Баткен тараптын чычкан түнөгүнө чейин билип калган Раззаковдун тигил төрдөн түшпөй олтурганын да мандем барбы (?) деген ойго келесиң. Болбосо, Баткен чек арасын өкмөт ичинен Раззаков чечпесе, көйгөйдү ат тезегин кургатпай көтөрүп турбаса, жол издебесе, анын өкмөт үчүн жана баткенчилер үчүн башка милдети деле жок болчу. Мына ошондон улам чек ара маселесин жөнгө сала албаган Жеңиш Разаков өзү отставкага суранса жакшы болмок. Бирок “майлуу” кресло үчүн андай кадамды жасай албады. Буга чейинки чыккан жаңжалда анын жоопкерчилиги каралып, комитеттин, комиссиянын чечимдери чыккан экен. Айрымдар Разаков ошол кезде кырдаалды жөнгө сала албагандыгы үчүн, “ит болдум, колуман келбеди” деп арызын жазып койгон имиш. Бирок “ачууга алдырбаңыз” деп жоошутуп коюшкан экен. Жоош неме да, туура көрүптүр. Мына эми ошол арыздын негизинде эле отставкага кетире берсе болот. Убактысы келди. Эркелетет деген ушунчалык болобу? Иштей албайбы, чек ара маселесин жөнгө сала албайбы? Кармап не кылабыз? Абылгазиев да азабы башынан ашкан неме экен, араң турганда отставкачыларды айланасына кармап не кылат десеңер? Таңбыз.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: