Америкалык Freedom Now өкмөттүк эмес уюму БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгын жарандык активист Серикжан Билаштын маселесин карап, “тез арада чара кабыл алууга” чакырды.
Уюм Билаш жөнүндө 29-июлда петиция жолдогонун кабарлады. Freedom Now Билашты камоо менен Казакстан Адам укуктары боюнча жалпы декларацияны бузуп жатканын белгилеген.
Укук коргоочулардын маалыматында Билаш менен ал жетекчилик кылган “Атажурт ыктыярчылары” уюму Шиңжаңжагы лагерлер тууралуу толук маалымат берген ишенимдүү булак болгону айтылат. Freedom Now жарандык активист төрт айдан бери үй камагында экенине, анын үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлүп жатканынан тынчсызданууда. Уюм ага каршы козголгон кылмыш ишин Билаштын Кытайдагы казактардын укугун коргоо ишмердүүлүгү менен байланыштырды:
— Серикжан Билаш — Кытай лагерлериндеги казактар менен уйгурлардын тагдыры тууралуу тайманбай айткан активист. Аны камоо – Шиңжаңдагы адилетсиздикке элдин назарын бурууга тырышып жүргөндөр үчүн кооптуу белги. Freedom Now казак өкмөтүн Билашты дароо жана эч кандай шарт койбостон бошотууга чакырат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ