Menu

Тажикстанда Согди башчысынын сарайы жайгашкан аймакта археологиялык казуулар башталды

Бөлүшүү:

Тажикстандын Пенжикент шаарындагы Согдинин акыркы башкаруучуларынын бири эсептелген Деваштич сарайынын айланасында археологиялык казуу иштери башталды.

Тарыхчылардын айтымында, 722-жылы Калаи-муг чеби алынгандан кийин Деваштич арабдар тарабынан өлтүрүлүп, башы Багдад хилфине жөнөтүлгөн. Эми 1 300 жылдан кийин тажик археологдору анын сарайы жайгашкан аймакта казуу иштерин башташты.

Байыркы Пенжикент музейинин директору Исматулло Рахматуллоевдин айтымында, буга чейин археологдор Деваштич сарайынын аймагынан душмандарга таш ыргыта турган байыркы требушет куралын жана зороастризм дини өкүм сүрүп турган мезгилдеги храмды табышкан. Тарыхый булактарга ылайык, Деваштич бул ыйык жерге күн сайын барып турган.

Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Деваштич сарайынын аймагындагы казуу иштерине белгилүү тажик археологдору тартылып, Франция жана Орусия өлкөлөрүнүн окумуштуу-археологдору дагы катышат.

Пенжикент шаарынын башчысы Ислом Шафеиён археологиялык казуулардын алгачкы этабын өкмөт каржылай турганын белгиледи. «Кийинчерээк каражатты туризмди өнүктүрүү аркылуу табууга ниеттенип жатабыз. Азыр Пенжикенттин байыркы эстеликтерин көрүү үчүн келгиси келгендер өтө көп», – деди шаардын мэри.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: