Бир топ жылдан бери Москвадагы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын Бишкекке ачуу демилгеси көтөрүлүп келет. Кыязы, жакында бул маселе ишке ашканы калды окшойт. Аталган университеттин ректору Виктор Садовничий Бишкекке ачыла турган МГУнун филиалы студенттерге контрактык акча төлөтпөй бекер окута турганын билдирди. Анын айтымына караганда каражатты мамлекет төлөйт. Бул окуу жайда окуй тургандар мектепти мыкты окушуп, жакшы көрсөткүчтөгү аттестатка жана баллга жетиши зарыл. Кыргызстандагы МГУнун филиалында окуй турган студенттерге билимди Москвадан келе турган мугалимдер бермекчи. Кыргызстандагы МГУ эмдиги жылы Ошто ачыла турганы айтылган. Ал эми келечекте Бишкекте да ачуу маселеси каралмакчы. Бул маселени президент Жээнбеков өзү көзөмөлгө ала турганын билдирген.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ