Menu

Казакстанда миңдеген үй-бүлө социалдык жардам алуу үчүн кирешелерин азайтып көрсөткөн

Бөлүшүү:

Казакстанда «даректүү социалдык жардам алуу үчүн» 21 миңге жакын үй-бүлө кирешелерин азайтып көрсөткөн. Бул тууралуу 17-августта өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында «аймактык комиссия мүчөлөрү үй-бүлөлөрдүн материалдык абалын аныктоого формалдуу мамиле кылганы» жана жарандардын атайылап кирешелерин азайтып көрсөткөндүгү аныкталган. «Жардам алуу үчүн кайрылган үй-бүлөлөр өз кирешелерин азайтып, мамлекеттик органдарга туура эмес маалыматтарды беришкен. Учурда акимчиликтер менен биргеликте «туура эмес белгиленген төлөмдөрдү кайрадан карап, ашыктарын кайтаруу» иштери жүргүзүлүп жатат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Казакстанда жарандарга бериле турган даректүү социалдык жардамдын көлөмү жана шарттары быйыл жазында кайрадан каралып чыккан. Буга көп балалуу энелердин социалдык абалын жакшыртуу жана турак-жай маселелерин чечип берүү талаптары менен өлкөнүн бир канча шаарында өтүп жаткан нааразылык акциялар себеп болгон.

«Нур Отан» партиясынын 27-февралда өткөн съездинде ал кездеги өлкө президенти Нурсултан Назарбаев муктаж үй-бүлөдөгү ар бир балага бериле турган эң төмөнкү төлөмдү 21 миң теңгеге жеткирүү зарылдыгын айткан. Марттын башында ал көп балалуу үй-бүлөлөр социалдык жардамды 1-апрелден тарта ала башташы керектигин айткан. Парламент тарабынан даярдалган тиешелүү мыйзам долбооруна кийинки президент Касым-Жомарт Токаев апрелдин башында кол койгон.

Бирок апрелде башталган жарандардын документтерин кабыл алуу өнөктүгү жарандардын бюрократиялык тоскоолдуктарга даттануулары менен коштолгон. Май айында өлкөнүн Эмгек министрлиги 160 миңден ашык үй-бүлө же 860 адам даректүү социалдык жардам алганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: