Menu

Өзбекстан сумдун курсун эркин кое берди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Улуттук банкы 20-августтан тарта улуттук акча – сумдун чет өлкөлүк валютага карата алмашуу курсун эркин кое бергенин жарыялады.

Башкы банктын билдиргенине караганда, мындан ары “экономикалык зарылчылыктан улам акчанын алмашуу курсун сатуучулар менен сатып алуучулар аныктайт”.

Улуттук банктын чечиминен кийин сумдун арзандаганы байкалды. 20-августта бир доллар 9384 сум болуп, бир күн мурдагыга караганда 323 сумга арзандаган.

20-августтан тарта Өзбекстандын коммерциялык банктары да чет өлкөлүк валютаны сата башташты.

Өзбекстандын өкмөтү акча базарын катуу көзөмөлдөп, аны тышкы таасирден коргоп, акча алмашууну бир калыпта кармоо максатында курстун өзгөрүүсүнө кийлигишип келген.

Акча базарындагы акыркы өзгөрүү президент Шавкат Мирзиёевдин 30 миллион калкы бар Өзбекстандын экономикасына инвестиция тартуу аракетиндеги кезектеги кадам катары бааланууда.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: