Menu

Бакыт Аманбаев, экс-Акыйкатчы: “Азаттыктын” Атамбаевге сын айткан мыкты журналисттери Ак үйдүн заказы менен кызматтарынан айдалып келишти

Бөлүшүү:

«Азаттык» радиосу өзгөрүүгө муктаж

Урматтуу Фейсбуктагы достор, менин бул посту жазуума Азаттык радиосунун азыркы жетекчилигинин аларга айтылган сынды туура кабыл алып, аны оңдоштун оордуна, тескерисинче актанып, сын жазган авторлордун адамдык деңгээлине асылып жазган жообу негиз болду. Андыктан, мен Азаттыкта сегиз жылдай иштеп, радионун ички кухнясын билген адам катары аталган радио мурда кандай эле, соңку жылдары кандай денгээлге түшүп кеткендиги тууралуу өз оюмду жазууга аргасыз болдум.

Мен Азаттык радиосунда сегиз жылдай иштедим. Аталган радио, бул радиону белгилуу журналисттер Азаттыктын Прагадагы кыргыз кызматын Нарынбек Идинов, Кыргызстандагы бөлүмүн Кыяз Молдокасымов жетектеп турган мезгилде эл оозуна алынып, Азаттык радиосу элдик радиого айландырылган. Ал мезгилде радиодо элибизге бегилүү, алдына ат салдырбаган журналисттер: Эсенбай Нурушев, Амирбек Усманов, Баян Жумагулова, Жаркын Суран кызы, Айданбек Акматов, Улан Эшматов, Шайырбек Эркин уулу, Аида Касымалиева жана башкалар иштешчү.
Ал мезгилде радионун күнүмдүк программаларына темаларды тандоого жетекчилик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, теманы чагылдыруу радионун уставына ылайык гана жүргүзүлчү. Менимче бул радио жетекчилигинин эң башкы милдеттеринин бири деп айтсам туура болот.
Тагыраак айтканда күнүмдүк эфирге өзгөчө маанилүү, талдоону талап кылган, көйгөйлүү делинген темалар гана кылдаттык менен тандалып, ага ошол теманы мыкты билген адамдар чакырылып, коомчулукка аталган тема ар тараптуу, жетишээрлик түшүндүрүлүп берилчү.
Натыйжада, Азаттык ал мезгилде өлкө келечеги тууралуу мыкты ою, программасы бар адамдардын же коомдогу аябай көйгөйлүү тагдыр чечүүчү маселе боюнча өзгөчө ою же сунушу бар атуулдардын коомчулукка өз оюн жеткирүүүчү аянтчасына айланган болчу.
Айрыкча соңку жылдары же соңку мезгилдери, Азаттык радиосу жогорудагыдай милдеттерди аткарбай калды:
1. Азаттыктын күнүмдүк темасын тандоого жеткиликтүү көңүл бурулбайт, бурулса да ошол теманы мыкты билген адамдар талкууга чакырылбайт. Азаттыктын эфирине, айрыкча метровый канал КТР дан берилчү «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүнө белгилүү бир саясатчылар гана кайта-кайта чакырылышат. Омоктуу ою бар, бийликке же Азаттыктын жетекчилигине жакпаган адам ал берүүгө таптакыр чакырылбайт.
2. Азаттыктын эфирине тандалган күнүмдүк темалар да мыкты журналисттер жоктугунан жеткиликтүү ачылып берилбейт.
3. Азаттыктагы мыкты журналисттер: Айданбек Акматов, Улан Эшматов, Аида Касымалиева, Шайырбек Эркин Уулу жана башкалар эч себепсиз мурдагы президент АША нын саясатына сын айткандыгы үчүн ошол мезгилдеги Ак үйдүн заказы менен жумуштан эч себепсиз айдалышты.
4. Соңку мезгилдери Азаттык радиосу белгилуу бир коррупцияга айыпталып жаткан саясатчылардын жеке менчик радиосуна айланып калгандыгын байкоого болот. Ошол эле мезгилде коомдогу тагдыр чечүүчү, көйгөйлүү маселелерге көңүл бурулбай, коомчулукка маанилүү эмес социалдык темаларга басым жасалып калганын байкоого болот.
5. Азаттык радиосунун жетекчилигине кадр саясаты тууралуу айтылган сындар абдан туура айтылган жана негиздүү. Айтор, бүгүнкү күнү Азаттык радиосу кескин өзгөрүүгө муктаж.

Бакыт Аманбаев, экс-Акыйкатчы, “Азаттыктын” мурунку журналисти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 29 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: