Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Эл менен такыр иштебеген депутаттарды шайлоодон жыгыла тургандай кылсак”

Бөлүшүү:

Парламент элдин көкөйүнө көк таштай тийдиби?

-Интернеттеги Жогорку Кеңешке болгон сын негиздүү деп айтат элем. Анткени, азыркы парламент бир топ маселеде мококтук кылып, эл ишеничинен кеткенин тана албайбыз. Элдин купулуна толбогон себеби, баардык принципиалдуу маселелерде Жогорку президентгик аппараттын, керек болсо өкмөттүн каалоосу макул болуп, аларга кызмат кылган учурлар көп болду. Миисалы, “мөңгүлөрдү талкалоого макул болгула” десе макул болот, “саясый камоолорго унчукпагыла” десе ЖК ага да макул. Элдин ошондон көңүлү калды. Мен муну абдан көп анализдедим, проблеманын баары улуттук коопсуздук кызматы менен башкы прокуратура кимге баш ийсе, ошол бийлик бутагы күчтүүлүк кылып жатат. Бул кызматтарды азыр президент башкарат, демек, бийликке каршы чыккан депутаттар күч органдарынан тайсалдап турушат. Парламенттин басымдуу бөлүгүн бизнестен келгендер ээлейт эмеспи. Алар бизнесинде проблема болушун каалашпайт. Ошондукган кырдаалдан чыгыш үчүн конкреттүү адамдар, талапкер үчүн
добуш бериш керек. Биз мындай ыкманы сунуштап жатабыз, депутаттар макул болобу, башка маселе. Азыр ким депутат болорун партия лидери чечип жатат, ал эми биз сунуштаган долбоордо партияга добуш берүү менен талапкерлерге да добуш бергидей кылабыз. Жанагы эл менен такыр иштебеген депутаттарды шайлоодон жыгыла турган кылышыбыз керек. Ошондо парламентке «чимкириктер» келеби, же чыныгы элита келеби, элдин тандоосунда болот. Ал эми азыр «ЖК таркасын» деген талап мыйзам ченемдүү көрүнүш, шайлоого бир гана жыл калды, баары шайлоого даярдансын. Ансыз деле азыртан тымызын шайлоо кампаниясы башталды, дагы алты айдан соң ачык эле сүйлөшүүлөр башталат. Эл бул ирет кыраакы болуп, байларды эмес, элдик кишилерди тандап алат деген ишеним чоң.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: