Menu

Фото – Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Нур-Султанда жолукту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 22-август күнү Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-казакстан кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты союздаштык мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда андан ары тереңдетүүнү карманарын баса белгилешти.

Ошондой эле министрлер эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле 2019-жылга пландаштырылган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки жана көп тараптуу тышкы саясий иш-чараларды, сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин карап чыгышты.

Казакстан Республикасынын Президенти К.К.Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган сапарына даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: