Социалдык түйүндөрдө мурунку вице премьер-министр азыркы Улуттук көркөм өнөр Музейинии директору Мира Жангарачеванын үнүнө окшогон аял Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшкөндүгү туурасындагы маалымат кеңири тараган эле.
Бирок, Мира Жангарачева бул маалыматты таптакыр төгүндөдү. Ал буга дейре “Апрель” телеканалы эл аралык экспертиза дайындатып, ошонун негизинде Мира Жангарачеванын үстүнөн күч колдонуу жана өлтүрүүгө чакырык таштагандыгы үчүн кылмыш ишин козгоону талап кылып жаткандыгын маалымдаган. Мурунку Өкмөт мүчөсү өзүнүн “Фейсбук” баракчасында жөнсүз каралоолорго акыры жооп кайтарды.
-Эгерде мындай кир оюндарды, монтаждалган сүрөттөрдү жана видеоматериалдарды фантасттар, ошондой эле сатылган саясий технологдор токтоосуз токтотушпаса, мен абийиримди жана укугумду коргоо максатында аргасыздан сотко даттанам. Анткени, мени манипуляция кылгандарга жана коркуткандарга таптакыр жол бербеймин! Анткени, сүрөттөгү бул адам (Курсан Асанов) менен мен дегеле сүйлөшкөн эмесмин!” – деп чырылдады Мира Жангарачева.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ