Menu

NYT: Кытай чет элдик тыңчыларды LinkedIn аркылуу тартууда

Бөлүшүү:

Кытай атайын кызматтары чет элдик тыңчылар менен мурдагы мамлекеттик кызматкерлерди өзүнө тартуу үчүн LinkedIn социалдык түйүнүн колдонууда. Бул тууралуу The New York Times гезити америкалык жана чет элдик чалгындагы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Гезиттин кабарлашынча, акыркы жылдары мамлекеттик институттардын кызматкерлери Кытайдан кирешелүү жумуш иштөөгө чакыруу алышкан. Өз булактар алар тыңчылык кызмат үчүн чакырылган болушу мүмкүн экенин белгилешкен.

The New York Times акыркы убакта АКШда тыңчылык үчүн жоопко тартылгандар көбөйгөнүнө көңүл бурган. Быйыл жазында Борбордук чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы кызматкери 20 жылга соттолгон. Чет элдик басылмалардын билдиришинче, анын Кытай менен кызматташтыгы LinkedIn аркылуу башталган.

LinkedIn компаниясынын жетекчилиги күмөндүү аккаунттар менен атайын бөлүк иш алып барып жатканын билдирди. Ал ар кыл, анын ичинде мамлекеттик булактардан маалымат топтоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: