Menu

Автандил Арабаев, юридика илимдеринин доктору, профессор, КР Эмгек сиңирген юристи: “Канат Исаев өз алдынча толук кандуу саясий фигура”

Бөлүшүү:

– Маалымат каражаттарында күзүндө жаңы премьер-министр шайланаары, ал Өмрүбек Бабановдун адамы Канат Исаев болоору жана башкалар тууралуу кеп жүрүүдө. Канат Исаевдин өкмөт башчысы болууга канчалык мүмкүнчүлүгү бар?

– Канат Исаевди премьерликке дайындайбы, же жокпу – бул мага берилчү суроо эмес. Конституция боюнча премьер-министрликке талапкерди сунуштоо парламенттик көпчүлүк коалициянын компетенциясына кирет. Бул биринчиден.

А экинчиден, аны кимдир бирөөнүн, тагыраагы Өмүрбек Бабановдун “адамы” деп айтуу жумшак айтканда этикага жатпайт.

А эгер объективдүү ой жүгүртө турган болсок, анда Канат Исаев өз алдынча толук кандуу, жеке саясий салмагы, парламентте жана андан тышкаркы кадыр-баркы бар саясий фигура.

Андан тышкары ал мындай фигурага ылайык келгендей өкмөт башчы болууга умтулган саясий амбицияга ээ, ал турмак болочокто мамлекет башчысы да боло алат. Бул саясий амбициянын маңызынан караганда логикалык жактан толук түшүнүктүү.

– Эгер чындап эле ал премьер-министр болуп калса, сиздин көз карашыңызда өкмөт коомчулук талап кылгандай иштеп башташы мүмкүнбү?

– Мен Исаев башкарган өкмөттүн натыйжалуулугу, же менеджментинин креативдүү кризиси боюнча жооп бере албайм. Бирок бүгүнкү Канат Исаев биз эки-үч жыл, ал турмак бир жыл мурда тааныган Канат Исаев эместигин ишенимдүү айта алам. Ал жетиштүү каардуу “мугалимдери” бар катаал мектептен өттү. Көрүп турганыбыздай, ал өзүн сындырууга жол бербей гана койбостон, ал мектептен ийгиликтүү “өттү”. Андан өзү үчүн сабак алды, жыйынтык чыгарды. Буга анын парламенттеги билдирүүлөрү, ага кошумча курч саясий жана социалдык-экономикалык маселелерге болгон позициясы далил.

Идеалдуу адамдар болбойт. “Капиталдын” атасы, 20-кылымдын генийлеринин бири Карл Маркс деле: “Адамзатка тийиштүү нерселердин эч бири мага бейтааныш эмес”,- деген. Канат Исаев дагы кадимки адам, артыкчылыгы да, кемчилиги да бар.

Романтикалуу угулса деле премьер-министрди дайындоо дагы тандоодон башталат. Ошондуктан менин жообум суроо иретинде – а эмнеге болбосун?

-Анын дайындалышына кайсы саясий күчтөр же кимдер көбүрөөк кызыкдар, жөнөкөйлөштүрүп айтканда аны ким “түртөт”деп ойлойсуз?

– Саясий тандоо дайыма эки өзгөрбөгөн фактордун негизинде болоорун билесиздер. Биринчиси саясий убакыт, экинчиси саясий кызыкчылык. Орустарда мындай чындыктын философиялык мыкты түшүндүрмөсү бар: “Керектүү учурда керектүү жерде болуу керек”.

Эгер сенин өздүгүң учурдагы саясий убакыттын саясий конъюнктурасын канааттандырса, анда сенин тагдырың чечилди деп биле бер.

Ушул позициядан алганда талапкердин жеке пикири чечүүчү ролду ойнобошу мүмкүн. Анын ордуна бул маселе кимдин компетенциясына кирсе ошол чечип кое алат.

Арина Рысбаева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: