Menu

Эмдиги жылды ойлогон Эргешович санаада

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев акыркы учурда маанайы жок, ой басып жүрөт. Эмнеге десеңиз, Эргешовичтин санаасы эмдиги 2020-жылы өтө турган эле парламенттик шайлоо. 2007-жылдан бери удаа-удаа депутат болуп Жогорку Кеңештин даамын татып алган Төрөбаев эмдиги жылы кандай айла менен парламенттин босогосун аттайм деген баш оору менен алек. Айрыкча шайлоо мыйзамына өзгөртүү кирип, 7% пайыздык чен 9% пайызга көтөрүлгөндөн бери таптакыр уйку бетин көрбөй калды. Басса-турса санаа менен. Чачынын баары агарып да кетмей болду. МТС ачып атам деп кредитке трактор алган дыйкандардын башын бириктирип өзүн жарнамалап калчу эле. Андай кылганга да маанайы жок. Трактору бузулганын же башка себеби бар экенин билбейбиз. Саресеп салып көрсөк, 2007-жылы «Ак Жол» партиясы менен, 2010-жылы «Республика» партиясы менен 2015-жылы «Өнүгүү» партиясы менен депутат болгон Бакыт мырза чынында чарчады. Бир эле депутаттык түйшүктү тарта бербей ортодон Өмүрбек Бабановдун да «премьер-министри» боло калып жөндөн жөн эле кыйналды. 3 жолу удаасы менен депутат болуш оңойбу? Уруксаттбе рсеңер эс алууга кетирели, же Бакйт Төрөбаев жок Жогорку Кеңеш көркүнө чыкпай калабы?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: