Menu

Улуттук көчмөндөр оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калды

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков: “Республикалык көчмендөр оюндарын жалпы өлкөбүзгө жайылталы деген максатта ар жылы бир облуста улуттук Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туралы деп чечтик”, – деп белгилеген эле 20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда. Андан ары өлкө башчы эң биринчи кезекти Манас атабыз жердеген, ыйык ордосу болгон Талас облусунан баштаганы турабыз. Кийинки жылдары эстафета менен башка облустарга өтө баштайт. Ата-бабаларыбыздан келе жаткан улуттук оюндарыбызды унутпашыбыз керек. Ошондуктан Улуттук көчмөндөр оюндарын жыл сайын ар бир облуста өткөрүүнү чечтик. Ошондо ата-бабадан калган оюндарыбыз өркүндөп өсөт. Кийинки жаш муундарыбызга жакшылап өткөрүп берели” – дейт өлкө башчы. Алгачкы жолу өтө турган улуттук көчмөндөр оюндарына 700 жакын спортчу, көк бөрү боюнча 9 команда келери күтүлүүдө. Жалпы байге фонду эки миллион сом.

Улуттук көчмөн оюндарынын максаты – көчмөн элдердин маданий байланыштарын бекемдөө, каада салт, нарк насилди даңазалап, көчмөндөрдүн улуттук оюндарын сактоо жана дүйнөгө жайылтуу жана этноспортту өнүктүрүүгө багытталган. Мындан сырткары массалык иш-чаралар аркылуу өлкөнүн туризм потенциалын жогорулатууга да маани берилет.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: