Menu

Опулдаган Опумбаев качан кызматтан алынат?

Бөлүшүү:

Атамбаевди ийгиликсиз кармап, иштин баарын иритип-чиритип жиберген УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев эмдигиче төрдү бошото элек. Мамлекеттин аброюн түшүргөн Кой-Таш операциясынан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Атамбаев баш болгон жоопко тартылуучулар абакта жатышат. Атамбаевдин тарапкерлери деле жоошуп калды. Бирок мамлекеттин бетине көө сүйкөп, дүйнө жүзүнө шерменде кылып, президентти уят кылган Опумбаевдин эмдигиче отставкага кетпей олтурганы жакшы көрүнүш эмес. Жээнбеков “ишти аягына чейин бүтүрүп, анан кетесиң” – деп айтты эле. Бул маселе боюнча бир топ иш бүттү. Калган ишти Опумбаевсиз деле бүтүрүшмөк. Кыскасы, коомчулукка жек көрүндү болуп калган адамдын койкоюп иштеп жатышы  президентке эч кандай аброй алып келбейт. Же Жээнбеков анын ордуна татыктуу талапкер тандай албай жатабы?

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: