Menu

Бакыт Матмусаев “чалмакейди чалуу” менен кызматтык секирик жасай береби?

Бөлүшүү:

“Шектүү” Бакыт Матмусаев аз күн мурда ИИМдин 7-башкармалыгынын башчысынан темир жол милициясынын жетекчилигине которулуп кетти.

Буга чейин жогору жактагылар анын ишмердигине ичтери чыкпай, эки анжы болуп атканын эшиткенбиз. Эске салсак, “Азия Ньюс” гезити ушул жылдын 16-май күнү чыккан санында Матмусаевге суроо менен мындайча кайрылган. (Түшүнүктүү болуш үчүн тексти толук берели.)

7-башкармалыктын начальниги Бакыт Матмусаев аңдып, тыңшоо менен бизнес кылып атабы?

ИИМдин 7-башкармалыгынын начальниги Бакыт Матмусаевдин кылыктары боюнча маалыматтар редакцияга түшүүдө. Азырынча толук кандуу жыйынтык чыгарууга чейин бул полковникке коңгуроо кагып коёлу. Суроо иретинде. Саясатчыларды, журналисттерди, ж.б. белгилүү инсандарды аңдып, тыңшап, жыйынтыгында бизнес жасоого өттүңүзбү? Адамдын жеке турмушуна чейин кирип кетүү, кара күч менен компромат топтоонун аягы кандай бүтчү эле? Бийликти реалдуу түрдө сындагандарды кайырмакка иле албай атасызбы? Азырынча ушул учкай суроолор менен баш оорутуп туруңуз, Бакыт Аманович! Эсиңизге келип, этегиңизди жаппасаңыз, билесизби, аягы эмне болорун? Эмесе, сизди да артыңыздан көз карап турушу мүмкүн, байкаңыз, бул биринчи эскертүү…

Мына ушундай азыноолак суроолорго чычалап кеткен Матмусаев Бишкек шаарынын Октябрь райсотуна арыз жазып, “Азия Ньюс” гезитинен 5 миллион сом доолап, бүгүнкү күнгө чейин соттошуп аткан чагы. Күйгүзөт бекен? Кадыр-баркына шек келген имиш! Догурунбай эле суроого жооп берип койсо болбойт беле? Эми Октябрь райондук соту кандай чечим чыгарарын күтө турмакчыбыз. Журналистгер ыңгайсыз собол таштаса сотко сүйрөлүп атса, кайсы замандан кабар берерин элестеттиңерби? Али кептин курчу алдыда…

Кыскасы, “жашыруун” делген 7-башкармалыкга Матмусаев начальник болуп туруп, “чалмакейди чалуу” менен кызматтык секирик жасап кете береби? Же министр Кашкар Жунушалиевдин досу болсо эле жыргал замандын каарманына айланып калганы ушулбу? Такыр түшүнүп болбойт. Милициянын элге жек көрүнгөнү жөн жерден эмес бекен?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: