Казакстандын Тараз шаарында үрөй учурган окуя катталды.Питбультерьер породасында ит ошол үйгө конокко барган 54 жаштагы аялды талап өлтүрдү. Маркум көп кан жоготкондуктан ооруканада каза болгон.
Үй ээсинин кошуналарынын айтымында, аталган ит дайыма коркунуч жаратып келген. Ал мурда бир нече жолу адамдарга кол салган. Окуя чак түштө шаардагы райондордун биринде болгон. Кыйкырыкты уккан жашоочулар дарбазадан чоң ит аялга кол салып жатканын көрүшкөн. Бирок алар аялды куткара алышкан эмес. Тез жардам кызматы жабыркаган аялды ооруканага алып кетсе, полиция кызматкерлери итти атып өлтүрүшкөн.
Шок абалдагы жана денесинен жаракат алган аялга операция жасалып, бирок кан көп жоготкондуктан анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Кийинчерээк маалым болгондой, маркум туугандарынын үйүнө конокко барган. Үй ээси (аял киши) итке тоскоол боло алган эмес. Ал ит 3 жашта болгон. Полиция тергөө иштерин баштады, бирок кайсы берене боюнча экени жана иттин ээлери жазага тартылып же тартылбай турганы азырынча белгисиз.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ