Menu

Министр Чодуевдин “эрке-талтаң” кызматкери, “зам министр” рангындагы бөлүм башчы Анаркүл Беккулуева кызматтан кетти…

Бөлүшүү:

Өкмөт башчысы өлкөдөгү резонанстуу иштин бирин, тагыраагы, «көңүлдөшүн» Кытайда шапар тептирүүгө далалаттанган Чодуевдин кылыгын көз жаздымга калтырганга аракеттенүүдө. Министрге жана анын тапшырмасын аткарган кызматкерлерге эч кандай чара көргөн жок. Бийликтин бетине көө жапкан ишти жең ичинен бүтүрүп, кызматтык иште жаралган «сүйүү» романын былк эттирбей басканга жандалбастоодо. Коомчулук буга тикесинен тик туруп, аягына чыгарганга мажбурлаш керек, анткени издешпей табышкандардын былыгы кокодон экен, бир чекеден сыйрылууда.

Гезитибиз өткөн чыгарылыштарында Чодуев министрликтин босогосун аттанганга чейин эле алдамчылык менен миллиондорду «сугунуп», тактап айтканда, Жалал-Абаддагы «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларын А.Салохуддинов менен биргелешип жеп кеткенин, ал окуя боюнча 2011-жылы 17-мартта Ош облусунун ИИМи тарабынан иш коголгонун далилдер менен жазганбыз. Ага кошумча, аталган «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясы Бакиевдин маалында «Ак жол» фракциясынан депутат болгон Жалолиддин Салохиддинов деген сепаратист негиздегенин, ал нойон 2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңында Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов менен бирге өлкөдөн качып кеткенин, ал эми Чодуев «Лиматекс» фирмасын улутташтыруудан калкалап калганын да айткан элек.

Бул сапар Чодуевдин «эрке» талтаңы Анаркүл Беккулуеванын «былыктарын» тизмектегени турабыз. Көрсө, «бучукка маңка үйүр» дегендей, Чодуевдей болуп Беккулуеванын да арты капкара «кирге» толуп калыптыр. Тийиштүү органдар булардын баарынан кабардар болгону менен сыдыргыга салгандай кылып текшерип, такымына таш толгоп, тийиштүү жазасын бербегени бизди таң калтырууда. Же, мыйзам сакчылары да «жең ичиндеги» иштер менен алаканын «майлатып» алып башын кумга тыгып алганбы? Эгерде булар кылмыштуу иштерге өз учурунда укуктук баа бергенде, бүгүн очойгон бир министрликтин башына моралдык жана ыймандык жагынан бузулган адам келмек эмес. Үлүрөйгөн көзүн жалдыратып, түрмөнүн төрүндө отурмак.

Фактыга келсек, чодоңдогон Чодуевге таянган Анаркүл Беккулуева Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бактуу-Дөлөнтү айылындагы «Береке» кооперетивин жасалма мөөр менен бүкүлү бойдон тартып алып, бүгүнкү күнгө чейин өзүмбилемдик менен башкарып жатканы билинди. Жамаатынын бетине жаба түкүрүп, «заңыма куурай саялбайсыңар» деп тастаңдап турганы Кудайды тааныбай калгандыгы да. Жасалма мөөр боюнча кылмыш иши козголгон экен, бирок аны Чодуев аркылуу тизгиндетип, «пагончондордун» тилин буп койгону не деген шумпайлык? Бир нече жылдан бери кооперативдин ондогон өкүлдөрү ар кайсы инстанцияга кайрылып, тили тешилиптир. Жетекчиси Сүйөркул Усубалиев арыз жазбаган жери калбаптыр. Айрымдарына токтоло кетелик.

Бишкек ШИИБинин начальниги С.К.Рахмановго кайрылган Усубалиев: «2015-жылдын 27-майында «Береке» кооперативинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда Ысык-Көл районундагы Бактуу-Дөлөнтү айылында жайгашкан «Береке» кооперативинин төрагалыгына көпчүлүк добуш менен кайра шайлангам. Шайлоо мыйзамдын жана Уставдын талаптарын сактоо менен өткөрүлгөн. Бирок, менин инсульт болуп ооруп калганымдан пайдаланып, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин кызматкери Беккулиева Анаркүл Токтобековна өзү мамлекеттик кызматта иштеп туруп, «Береке» кооперативинин мүчөлөрү катышпаган, өтпөгөн чогулуштун протоколун өзү жазып алып, өзүн өзү кооперативдин төрайымдык кызматына шайлап алган. Колунда кооперативдин алгачкы документтери (күбөлүк, уставы) жок болсо да, 06.08.2014-жылы «Фирма райс» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилигинин ишеничине кирип, аларды алдоо жолу менен кооперативдин печатын жасатып алып, бүгүнкү күнгө чейин мен төрайыммын деп кооперативдин атынан ар кандай мыйзамсыз иштерди жасоодо» деп жазып, мыйзамга ылайык чара көрүүсүн суранган.

С.Усубалиев дагы бир арызды Айыл чарба министрлигиндеги уюштуруу бөлүмүн жетектеген А.Карагуловго жазып, «А.Беккулуева өзүнүн үстүнөн жазылган арызды билип турса дагы мыйзамсыз иштерин токтотпостон «Береке» кооперативинин мүчөлөрүн жалпы чогулушка чакырып, айыл чарба министрлигинин имаратынын биринчи кабатына жарыя илип койгон. А.Беккулуева мындай мыйзамсыз жана өзүмбилемдик иштери менен кооперативдин мүчөлөрүнүн жана айыл чарба министрлигинин ортосундагы мамилеге жарака кетирип, ызы-чуу чыгарганга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, урматтуу Арсен Дайырбекович, биздин арызды текшерүү иштери бүткөнгө чейин Анаркүл Беккулуеванын демилгеси менен боло турган кооперативдин чогулушуна бөгөт коюңузду суранам» деп, мыйзамсыз иштердин алдын алганга аракеттенген. Бирок, чодоңдогон Чодуев бут тостурган эмес.

Быйылкы жылы Мамлекет башчысы С.Жээнбековго жеке өзүнө кайрылган катында С.Усубалиев бүт иштерди толугу менен тизмектеп: «А.Беккулуева жасаткан жасалма печать Биринчи май райондук РИИБнин тергөөчүсү Абдраев Мурат тарабынан изятие кылынып, 350 статья менен кылмыш иши козголгонуна 2 жылдан ашты. Бирок, жасалма печат боюнча козголгон кылмыш иш тергөөчүдө эки жылдан бери кармалып келет. Органдар тарабынан көзөмөлгө алынышын, мыйзам бузгандарга чара көрүлүшүн өтүнгөн арыз менен кайрылып жатып тажадык. Азыркы кезге чейин алар жасалма печатын кагаздарга бастырып, ар кандай мекемелерге, жамаатарга жалаа жапкан арыз, кат жолдогонун токтотпой жатышат» деген «Береке» кооперативинин жетекчиси коррупцияга аралашкан арамза адамдардын жоопкерчилигин карап беришин Президенттен өтүнгөн.

Бул кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында иштеген бөлүм башчы У.Султанов Бишкек шаарынын прокурору К.К.Бейшекеевге кайрылып: «…Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министрлигинин кызматкери А.Беккулуева аталган министрликте мыйзамсыз иштеп жаткандыгы жана анын үстүнөн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБи тарабынан козголгон 2-16-1023 сандуу кылмыш иши негизсиз чубалжып, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыкпай жаткандыгы жөнүндө арызы жиберилет» деп жазган да, бул ишти кылдаттык менен текшерип чыгып, тез арада чара көрүүнү өтүнгөн. Бул маселе боюнча Президенттик аппараттагы бөлүм башчысы У.Султанов Ысык-Көл облусунун прокурору М.Айдарбековго дагы кайрылган. Бирок, эч кандай кыймыл аракет билинген эмес.

Мындан сырткары, Чодуевдин эрке талтаңы А.Беккулуева Россиянын жараны экени тууралуу маалымат ачыкка чыгып, ал Акүй менен Көкүйдү бүт бойдон аралап чыккан. Бирок бир дагы тийиштүү орган чара көргөн эмес. Айсак, Жогорку Кеңештин депутаты, бакыйган комитеттин жетекчиси Г.Скрипкина ошол кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жеке өзүнө кызматтык кат жолдоп, А.Беккулуева бөлөк өлкөнүн жараны катары «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдын 11 беренесинин 6 бөлүгүн бузганын, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын айтып, тез арада кылмыш ишин козгоону өтүнгөн. Анткени, А.Беккулуева Россиянын Ростов облусунан энени камсыздоо капиталын алып келген. Мыйзам боюнча мындай жардам өз жарандарына гана берилет.

Тилекке каршы, Башпрокурор И.Жолдубаевадан эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ал эми ИИМ кызматкерлери Беккулуева Россия Федерациясынан энени камсыздоо капиталын алганын да, орус өлкөсүндөгү жарандыгын да тактай албагандай түр көрсөтүп, башын шылкыйткан. Ал ИИМдеги Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгындагы начальниги А.Ботобаевдин 2015-жылы 28-декабрдагы катында кашкайып турат. Анда расмий тилде минтип: «гражданкой Беккулиевой А.Т., на который был получен ответ о том, что информация о выплате средств материнского (семейного) капитала гражданке Беккулиевой А., является конфиденциальной, и в соответствии с Федеральным законом Российской Федерации от 27.07.2006 года, №152-Ф3 «О передаче персональных данных» разглашению не подлежит» деп жазган.

Андан ары жарандыгы тууралуу: «Также был направлен запрос в УФМС (управление федеральной миграционной службы) Росии по Ростовской области за исх. №8/2778 от 30.0.2015 года, о наличии гражданства РФ гр. Беккулиевой А.Т. на который ответ не получен» деген. Бул жазылган фактылардан жаап-жашыруу, көз будамайлоо ачык көрүнүп турат. Органдарда жооп келбеди деген да шылтоо болобу? Милициянын мындай шалаакылыгы мыйзам бузууга жатпайбы? Энелик капитал боюнча маалымат алалбаган күндө дагы жарандыгы бар же жогун кантип тастыктаганга болбосун! Ички иштер министрлиги жарандыкты тактай албай, жооп келбеди деп алакан жайып отурганы акылга да, мыйзамга да сыйбайт. Россия Федерациясынан жооп келбегени түшкө да кирбейт. Бул жерде жемкорлук орун алган эмеспи? Чодуев бардыгынын кекиртегин майлап, көңүлдөшүн куткарып калганы тастыкталабы?

Бул саам «ойноштордун» окуясын ушунчасы менен жыйынтыктай туралык, бизде дагы материалдар бар, аларды кийинки сандарда кеп кылабыз. Эгерде Чодуев күнөөсүн мойнуна алган таризде башын катып жата бербей эл алдында агынан жарылам десе микрофонубуз даяр. Бирок, анын мындай эрдикке эрки жетерине ишене албайбыз. Паам-парасаты киндиктен өйдө көтөрүлө албаган адам эч качан ачык чыга албайт да. Өкүнгөнүбүз, ушундай деңгээли төмөн, акылы тайыз, ойноштон башканы ойлобогон пендени өкмөт жетекчиси жалпы кыргызды шылдыңдагансып министр кылып койду. Бул элдин бетине түкүргөн менен барабар да. Баса, Чодуев азыр Беккулуеванын төшөгүн бөлүп, Түркияга кеткен Мээрим деген «сулуусун» койнуна тартканы жатыптыр, ватсаптагы аудиосу бизге келди. Анысы элге тараса шерменде болот го. Кыскасы, мындай адам бир тармактын башында эмес, түрмөнүн төрүндө отурушу керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: