Menu

Гонконгдо нааразылык акциялардын башталганына 100 күн болду

Бөлүшүү:

16-сентябрда Гонконгдогу нааразылык акциялардын башталганына 100 күн болду. Анын катышуучулары бийликтен демократиялык реформаларды талап кылышууда.

Мындан 12 жыл мурун Британиядан Кытайдын карамагына өткөрүлгөн жарым-жартылай автономиялуу аймак 100 күндөн бери кризиске туш болуп келатат.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, өткөн дем алыш күндөгү демонстранттар менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусунан кийин шаардагы ишканалар, метро станциялары кайрадан иштей баштады.

15-сентябрда он миңдеген киши кайрадан көчөлөргө чыгып, өкмөттүк мекемелерге, полиция кызматкерлерине жана башка имараттарга күйүүчү май куюлган бөтөлкө, таш ыргытышкан. Алардын айрымдары АКШ жана Улуу Британия желектерин көтөрүп, бийликти демократиялык реформаларга чакырышты.

Полиция уруксат берилбеген акция катышуучуларын таркатуу үчүн суу бүркүп, жаш агызчу газды, атайын техниканы колдонгонун ырастады. Кагылышуулар, башаламандыктардан улам кээ бир дүкөн, ишканалар жабылууга аргасыз болгон.

Шаар тургундары 28-сентябрь жана 1-октябрь күндөрү дагы жүрүш өткөрүүнү пландап жатышканын билдиришти.

1-октябрда Кытай Эл республикасы 70 жылдыгын белгилейт.

Гонконгдогу толкундоолор июнда өкмөт кылмышка шектүү адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун сунуш кылгандан кийин башталган. Бул демилгеге каршы чыккандар Кытайда ал адамдардын укуктары кеңири бузулушу мүмкүн деп ырасташууда. Нааразылык акциялары башталгандан бери баш-аягы миңден ашык киши кармалды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: