Menu

Мукар Чолпонбаев, коомдук ишмер: “Кытай карызы үчүн жер сурайт…”

Бөлүшүү:

-Мамлекеттин келечегин кандай элестетесиз?

– Бул сурооңуз өтө оор суроо. Анткени мени кыргыз элинин, деги эле Кыргызстандын келечеги өтө тынчсыздандырат, арты бүдөмүк болуп жатпайбы. Азыркы бийликте отургандарга такыр ишенбей калдым, булар элди да, жерди да сатып кетишет, Анткени булардын көпчүлүгү Хан-Теңири тоосунан баштап Үзөңгү-Куушка чейинки 6 участокту Кытайга өткөрүп берүүчү келишимди ратификациялоого катышышкан. Каркыранын бир топ бөлүгүн, Кара-Кыштак, Кан-Жайлоо сыяктуу кыйла жерди Казакстанга берүү келишимдерин ратификациялоого катышышкан. Азыр болсо кытай улутундагы эл Кыргызстанды каптап келе жатат, токтоткон киши жок. Кытайдан алган карызыбыз төлөнбөй турат. Алар карыз үчүн жер сурабайт деп ким кепил болот. Мунун баары ата-бабалардан калган жер үчүн, тентип жүргөн эл үчүн ойлонууга аргасыз кылат. Жеке өзүмдүн күнүмдүк жашоом сонун эле өтүп жатат. Он миң сомдон ашык пенсия алам, жогорку окуу жайында кафедра башчысы болуп, адвокат болуп иштейм, тапкан каражатым өзүмө кенен жетет. Балдар болсо өз күндөрүн өздөрү көрүп жүрүшөт. Эски бут ооруга байланыштуу көчөдө көп баспайм. Менде баары эле бар. Үй-бүлө, бала-чака, небере дегендер, алардын сыйы жана урматы, кубанчы. Приватташтырып алган квартирам бар, эски машинам бар, жөө жүрбөйм. Мага андан көп деле байлыктын кереги жок. Ойлонгонум, мурда айтып кеткен, кийинки муундардын келечеги, ошол башка элдерге көз каранды болуп калбаса экен деген эле. Кедейлер акыйкаттык издеп, бирок таба албай жүрүшкөнү чындык, муну жашырууга болбойт. Байлардын буга баштары да оорубайт, алар акыйкаттык эмне экендигин түшүнүшпөйт деле болуш керек. Кыргызстанда акыйкаттык болуш үчүн башкаруу системасын жана аны түзүүчү шайлоо системасын түп тамырынан бери оңдоо керек. Элдин ой-сезимин өзгөртүүгө аракет кылуу керек, кыргыз элинин жакшы жактарын өзгөчө пропагандалап, кыргыз элин басмырлаган ой-пикирлерди, анекдотторду жок кылууга баруу керек. Кечке эле жаман дей берсең, эч качан жакшы болбойсуң, башка бирөө жакшы баласын бизге бербейт. Андан көрө ар кимдин жакшы жактарын, акылдуулугун, улуулугун, акыйкаттыгын, адилеттүүлүгүн, мээримин, кечиримдүүлүк сапаттарын, айкөлдүгүн, эмгекчилдигин, баатырдыгын ж.б. жакшы касиеттерин көрсөтө алсак, ошону пропагандай алсак эл оңолот эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: