Кечээ, 1-март күнү саат 15:18де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма жана Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ