Милиция 8-августтагы башаламандыкта бейбаштыкка шектелип жаткандардын бирин кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 8-августтан 9-августка караган түнү жаштардан турган топ Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде ары-бери өткөн унааларды карап, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү сабайбыз деп коркутушкан. Алар милициянын бир канча унаасын жана «Коопсуз шаар» долбоорунун камерасын талкалап салышкан.
«Бейбаштар 3 миллион сомдук чыгым келтиришкен. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Шектүүлөрдүн бири 26 жаштагы М.С. кармалды. Калган бейбаштыкка шектүүлөр кайда жүргөндүгү аныкталууда», -деп билдиришти ШИИББдан.
Бул адамдан жабыркагандар же кандайдыр бир маалыматтар болсо төмөнкү телефондорго 0505398800, 0550102599 жана 102 байланышыңыздар.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ