Menu

Сооронбай Жээнбеков ШКУ өлкөлөрүнүн аскердик бөлүктөрүнүн “Борбор-2019” биргелешкен машыгуулары өтүп жаткан Россиянын Оренбург шаарына келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-сентябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына (Россия) келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: