Menu

Кой-Таш боюнча коомдук комиссияга ишеним чоң!

Бөлүшүү:

Бир жумадан бери коомчулукта 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында орун алган окуяларды иликтөө максатында түзүлгөн мамлекеттин комиссиянын иш-аракети кызуу талкууга алынууда. Мамкомиссия баарын кылдат иликтеп чыгууга аракет жасаганы менен, “булар баары бир бийликке керектүү чечим чыгарат”-деп ишенбегендер четтен чыгууда. Дал ошол себептүү, элдик курултай тарабынан түзүлгөн Кой-Таш боюнча коомдук комиссияга “объективдүү баа чыгарат”- деп үмүт арткандар кеп болууда…

Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Коомдук комиссиянын биринчи жыйыны өткөн жумада өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө Коомдук комиссияга коомчулуктун сунушу менен кимдер мүчө болгону белгилүү болду. Комиссияны “Ак калпак” саясий партиясынын төрагасы Улукбек Маматаев жетектейт. Анын курамына белгилүү укук коргоочу, тубаса демократ Рамазан Дырылдаев, саясат илимдеринин доктору Табылды Акеров, жазуучу-публицист Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмерлер Мукаш Мамбетов, Кубан Дүйшеевдер, укук коргоочу Таалай Мадаминов ж.б. кирген. Коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев жакынкы убактагы иш-чаралар тууралуу да айтып берди: Биз иш чаралардын планын белгилеп, ага ылайык мурдагы президент Атамбаевдин, ошондой эле күч структураларынын өкүлдөрү менен да жолугушууну пландаштыруудабыз. Биз мурда айтып өткөндөй, биздин максатыбыз Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга калыс саясий баа берүү болуп саналат. Бул үчүн биз Кой-Таш айылынын тургундары менен жолугушууну көздөп жатабыз”.

Улукбек Маматаев Кыргызстандын жарандарын комиссиянын иши боюнча өз сунуштарын берүүгө чакырды:”- Кыргызстандыктар комиссиянын иши боюнча өз ой пикирлери менен бөлүшүүнү же маалымат берүүнү, кимдир-бирөөсү комиссиянын жыйынына катышууну каалашы мүмкүн. Каалоочулардын баардыгы жазуу жүзүндө же 0508 890202 телефон номерине (ватсап да бар) чалып билдирсе болот”.

Коомдук комиссиянын курамына көз жүгүртө турган болсок, негизинен саясатка аралашпаган, дайыма калыс позицияны карманып келген эл уулдары чогулуптур. Булардын бирин дагы “конфликт интересов” деген балээ боюнча айыптай албайсың. Демек, коомчулук ишенгендей эле, андан калыс жыйынтыкты күтүүгө болот…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: