Menu

Садык Шер-Нияз, “Айтыш” фондусунун негиздөөчүсү: “Айтыш фондунан которуп коём эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиңиз болсо жаап алыңыз”

Бөлүшүү:

Жеңишбек акынга жолугуп калдым бир тойдон. Жадырап жайнап учурашып жаткан. Казакстанга барыпсың эмне болду деп сурасам, жүзүн сур булут аралап кеткендей болду. Жарым финалга да чыгарышкан жок дейт. Кашайтканы: Эрман Жүрсүн байгесин берип жатып 300 000 теңге бул кыргыздар учун чоң акча деп сүйлөдү дейт. Мен да кашайып кеттим. Таластыктарча сөгүнүп да алдым окшойт. Эсимде, 2003-жылы Астанада да бир сөгүндүм эле бир чоң айтышта. Ошондо да Элмирбек менен казактын бир акыны финалга чыгып, анда да Эрман Жүрсүн, калыстарга кайрылып, “Эми бул жерде казак кыйынбы, же кыргыз кыйынбы деген сөз гой” деп алдын ала калыстарга эскертүү жасаган жери бар. Ошондо бир айтаарым бар эле айта алган эмесмин, жаш элем, акындарыбызды өстүрүп алалы али айтышаарбыз деди элем. Анын үстүнө Мырзатай Жолдасбеков, Абиш Кекилбаев сыяктуу аксакалдарды сыйлагам, оң колумду кармап ачууга алдырба айналайын деп олтурган Онгарсынова эжемди кыя алган эмесмин, чыр салбай кетейин мейли биринчи орунга макул бололу деп. Эки элдин ынтымагын ойлойлу, бийик бололу деп жүрөбүз. Кудайга шүгүр Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов агаларымды көргөндө чер жазышып сүйлөшүп каламын, Асанали Ашымов, Нуржуман Ихтымбаев байкелерибизди көргөндө бири-бирибизди кучактап жатып араң бөлүнөбүз. Сатыбалды Нарымбетов агайымды көргөндө бир боорум деп жумалап бир жүрүп калабыз. Эрмек Турсунов, Канат Торебай, Дарежан Омербаев деги койчу жүздөгөн кыргызга ак жүрөгү менен күйгөн улуу казак инсандары менен ымалалаш досмун. Болгону ушул Эрман Жүрсүндун жүрөгү агарбады. Тапкан сөзүн карасаң: «300 000 теңге бул кыргыздарга чоң акча гой» деп. Кеп ошол акчада бекен, кеп акындын көңүлүндө го. Кеп абийир менен ар-намыста экенин ушунча жылдары түшүнбөгөндөн кийин мындан кийин деле түшүнбөй калдыңыз го де ойлойм. Акындар эки элди бириктирип, эң алды ынтымак деген улуу ойду алып жүрүш керек деген вазийпасын бир ууч тыйын бергенине менменсинип, ылайга оонатып, жарыктык киши бул жолу да бүтүн нерсени жарып берипсиз. Мындан кийин да оңолбойт окшойсуз, ошону үчүн жазып жатам. Эгемендүү тарыхыбызда эки бир тууган элди бөлүп жарып жүргөн инсандар ким болгон десе мен тайманбай биринчи катарга сизди кошот элем. Эгер берген тыйыныныз көп болуп көрүнсө счётуңузду салып жиберсеңиз болот, Айтыш фондунан которуп коём эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиңиз болсо жаап алыңыз, тек гана кыргыздын ар-намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону.

Сиз ушул махинацияларыныз менен казак акындарынын деле омогун ойрон кылып аласыз го деп болжодум.

Учурдан пайдаланып кыргыз акындарына кайрылаар элем, эгерде ушул каада-салтты, кадыр-баркты, дөөлөттү сыйлап кадырлабаган Эрман Жүрсүн чакырса барбай эле койгулачы алтындарым. Баары бир ал киши силердин кадырыңарга жетпейт, өзүбүздүн акыйкат, адил, калыс айтышыбызды өткөзүп эле эки бир тууган элдин ынтымагын чыңалта берели.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: