Menu

Убактылуу өкмөт мүчөсү Абдыганы Эркебаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда эмнени суранды?

Бөлүшүү:

14-сентябрда өздөрүн 2010-жылдын апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Убактылуу Өкмөт деп жарыялашкан 14 төңкөрүшчү КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бейформал жолугушууга чакырылган.

Ал жолугушууга Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Элмира Ибраимова, Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаевдер катышышты.

Анда сөз алып сүйлөгөн Абдыганы Эркебаев “Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден бир суранычым бар эле, Өмүрбек Бабанов мырза “саясаттан кеттим, мындан ары ишкерлик менен гана алектенем” деп расмий билдирүү жасаган эле. Ошого карабай ага куугунтук жүрүп жатат. Ушул ишти көзөмөлгө алып, ага каршы саясый куугунтукту токтотууга жардам берсеңиз. Ал “мындан ары саясатка аралашпайм” деп убада берип жатат. Мен ишенем, ал сөзүнө туруп, саясатка аралашпайт” (ушул жерде Өмүрбек Текебаев “бырс” деп күлүп жиберди), – деп билдирет.

Ага жооп кылган Сооронбай Жээнбеков: “Өмүрбек Бабановго карата эч кандай саясый куугунтук жок, мисалы, мен аны куугунтуктаган жокмун. Мен алган маалымат боюнча негизинен ага ири суммадагы салык төлөөлөрдөн качкандыгы боюнча Атамбаевдин учурунда ачылган 8 кылмыш иши бар экен. Ошол кылмыш иштери гана иликтенип жатат. Менин учурумда ага каршы бир да кылмыш иши козголгон жок. Эгер мамлекеттик казынага салык төлөөлөр боюнча маселени чечсе эле ал бардык иштеринен кутулса керек. Мыйзам баарына бирдей болуш керек”, – деп жооп берген.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: