Бүгүн Кытай Эл Республикасынын түзүлгөнүнүн 70 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Бээжинде ири аскердик парад өттү.
Анда сөз сүйлөгөн Кытайдын лидери Си Цзиньпин «бир дагы күч өлкөнүн позициясын бошоңдото албай турганын» белгилеп, өлкө «өз ара пайда алып келе турган» дүйнөгө ачылуу саясатын улантарын билдирди.
China parades military might in Beijing as country marks 70 years of Communist rule https://t.co/Hy1Z460QwF pic.twitter.com/ILCAC4fkKJ
— The National (@TheNationalNews) October 1, 2019
Парадга жалпысынан 15 миңге жакын жоокер катышты. Анда башка аскердик техникалар менен катар АКШга чейин учуп жетүүгө кудуреттүү DF-41 үлгүсүндөгү континенттер аралык баллистикалык ракеталар көрсөтүлдү.
China's supersonic CJ-100 cruise missile made its first public appearance on Tuesday in a massive military parade #PRC70Years #NewChina70Years pic.twitter.com/SAsQ4h5nwA
— China Xinhua News (@XHNews) October 1, 2019
Гонконгдо бир нече айдан бери кытай бийлигинин автономияны чектөө аракетине каршы нааразылык акциялар өтүп келет.
Tear gas is fired in Tuen Mun as protesters throw petrol bombs
Video: SCMP/Mimi Lau pic.twitter.com/AV1h7mU9R3
— SCMP Hong Kong (@SCMPHongKong) October 1, 2019
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ